Садыр Жапаров: салык өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон салым
Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда салык маселесине токтолуп, жалпы кыргызстандыкатрды салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары кароого чакырды. «Акыркы окуялардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды…

