Президент Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын…

