Майып балдарды баккандарга айлык маянаны көтөрүү сунушталды
Көзөмөлгө дайым муктаж балдары бар ата-энелердин акысын эки эсе көбөйтүү сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында депутат Жанарбек Акаев алып чыкты. Ал өлкөдө реабилитациялык борборлор да жетишпей турганын, аймактардагы бош турган имараттарды реабилитациялык борбор үчүн колдонууну да карап көрүүнү өтүндү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин быйыл январдагы маалыматына караганда, 14 миң 287 ден соолугунун…

