Жол тыгынын жою үчүн мектептер саат 7 де башталуусу ыктымал
Бишкекте жол тыгын маселесин чечүүнүн жолу катары мектептердин ишин саат 7де, кээ бир мекемелердикин саат 10до баштоо сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров билдиргендей, тыгын маселесин чечүүнүн алкагында шаар бийлиги Бишкектин ортосунан өткөн темир жол аркылуу 8 өтмөк салууну пландоодо. Ошондой эле шаарда күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынды….

