31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-августка чейин республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

Кененирээк

Ош шаарында өзгөчө соода маркети ачылды

Ош шаарында адал азыктар камтылган “Бимар” соода маркети ачылды. Мында спирт ичимдиктери сатылбай, керектөөлөрдүн ар бири сапаттуу жана ыңгайлуу.“Бимар” маркети Кыргызстан боюнча 10 жерге ачылып, 200 дөн ашуун жаранды иш менен камсыздап жатат. Соода маркетте товарлар ыңгайлуу баада, андан тышкары башка мамлекеттен келген өзгөчө адал товарлардын топтомун табууга болот.Саякатоону сүйгөн инсандар үчүн бул соода маркетте…

Кененирээк

Ош шаарында өрт чыкты

Бүгүн, 26-августта Ош шаарынын Кыргыз көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.Өрт саат 13:40та чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерибизге мектеп формалары, окуу куралдары белекке берилди

Бул жолку иш сапарынын алкагагында Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа районундагы орто мектептин  окуучулары менен таанышып, ата-энелери менен жолукту. Эл өкүлү Улан Примов балдардын абалын сурап,   алардын муктаждыктарын толуктап жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеп, ошону менен катар мектеп окуучуларын 2024-2025-жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө…

Кененирээк

Мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду

Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду. Айыл чарба министрлиги курулушка 22 млн сом сарпталганын маалымдап, ишкана сезон учурунда 10дон ашык кишини жумуш менен камсыз кыларын билдирди. Ушул эле райондун Жер-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштеткен логистикалык борбор салынып, ал сентябрда ишке берилери кошумчаланды. Ишкана сезон учурунда 25ден ашык кишини иш менен камсыз…

Кененирээк

Бишкекте 29 млн сомго гүлбак курулууда

Бишкек шаарына жаңы кошулган Новопавловка айылында гүлбак салынууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Гүлбак Фрунзе көчөсүндө жайгашат, ал 29 млн сомго курулууда. Курулуш иштерин «Орбитал Строй» компаниясы жүргүзүүдө. Анын аянты дээрлик 11 миң чарчы метрди түзөт.Гүлбактын курулушун күзүндө бүткөрүү пландалууда.

Кененирээк

Жаш балбан Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында аяктаган күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.Асан уулу эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Бул чемпионатта Өмүрбек жалпы 4 атаандашын жеңдиФиналда азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Кененирээк

“Бейиш-эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Оскар” сыйлыгына “чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясына өлкөнүн атынан катыша турган тасма тандалып алынды. Ал режиссёр Руслан Акунга таандык “Бейиш-эненин таманында” аттуу кино болду.“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелисте өтөт.

Кененирээк

Унаадан өрт чыкты

Бүгүн, 24-август күнү Бишкек шаарынын, Биринчи Май районуна караштуу, Профсоюзный көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:10до Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 , саат 12:22де Биринчи райондук №8 ӨКБдан 1 , 12:36да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылды.

Кененирээк

Баткен облусундажер титирөө катталды

Бүгүн, 24-августка караган түнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:32де жер силкинип, анын күчү дээрлик 5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Талаа айылынан 26 чакырым түштүк -чыгышта, Жоо-Пая айылынан 30 чакырым түштүк — чыгышта, Карамык айылынан 46 чакырым түндүк-батышта, Баткен…

Кененирээк