Материалдык чыгым 68 млн. Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды

Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген…

Кененирээк

Ысык-Көл облусуна күндөн энергия алуучу станция курулат

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы күндөн энергия алуучу станциянын курулушу ушул жылдын март айында башталат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, анын кубаттуулугу 300 МВттан кем эмес болот. Маалыматка ылайык, учурда инженердик-геодезиялык изилдөө бүткөрүлдү, толугу менен архитектура, шаар куруу корутундусу алынды.Долбоорго салына турган инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын тегерегинде болот. Кабарчы — Алтынай Гапарова

Кененирээк

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 17-январда ИИМдин «Шамкар» атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Октябрь Урмамбетов, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМ Академиясынын башчысы Тариель Абитов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Атайын багыттагы полкунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сейитбек Исаев,…

Кененирээк

Бишкектин батыш тарабында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин батыш тарабында Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендигин “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттиги жазды. «Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те «Фрунзе — 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Учак 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КР…

Кененирээк

Бишкек — Ош — Бишкек аба каттамы жанданды

Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар 17-январдан тарта жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан маалымдашты. Белгилей кетсек, күн мурун аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган Бишкек — Ош багыты боюнча авиакаттам кармалган .

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалуусу күтүлүүдө

Кыргызстанда алгачкы жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Алгачкы жолу жасалуучу операция үчүн Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иштердин жүрүшү менен таанышты. «Биз…

Кененирээк

Пенсиялык күбөлүк “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду

Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиялык күбөлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемесинде электрондук колдонуу үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Бул бардык керектүү документтерди смартфонуңузда кармоого мүмкүндүк берет. Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү…

Кененирээк

Каттам жабылды. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолун кайрадан кар көчкү бөгөдү

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда. Учурда министрликке караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат. Белгилей кетсек, 16-январга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү…

Кененирээк

“Жол акы 8 сомго туура келет”. Окуучуларга «Тулпар» картасы сунушталууда

Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат….

Кененирээк

Кыргызстанда биологиялык лаборатория курулат

Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго In vitro илимий-изилдөө жана өндүрүштүк биологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдиргендигин «Кабар» агенттиги жазып чыкты. Анын айтымында, КР президентинин жарлыгы менен «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы департаменттин 2023-жылдагы эң башкы жетишкендиги болду. «In vitro биологиялык лабораториясында микроклоналдык ыкма менен вируссуз…

Кененирээк