С.Жапаров Казакстанга расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди. Анын айтымында, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.

Кененирээк

Битир садаканы орозо айтка чейин берүү керек

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт белгиленет. Ага чейин Орозо айындагы битир-садаканы берүү керек. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы быйыл битир-садака киши башына 50сомдон 850 сомго чейин туура келет деп бекиткен. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Эске салсак, Муфтият Орозо айында чогулган акчанын эсебинен жардамга муктаж жарандарга каражат таратып берет.

Кененирээк

Жолдошбек Абдылдаев муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Жолдошбек Абдылдаев Кыргызстан мусулдандар дин башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Жаңы дайындалган орун басар бүгүн жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин муфтияттын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарып келген.

Кененирээк

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын басы көтөрүлдү

КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри — 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 — 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.Учурда АИ-80дин орточо баасы — 58,35 сомдон болсо, мартта…

Кененирээк

Кырыгзстандын аймагында кандай жемиш өстүрүү пайдалуу? Министрлик сунуштама берди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстандын кайсы аймагына кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болору боюнча сунуштама берди. Ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен питомниктер менен биргеликте мөмө-жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүү иштелип чыкты. Маселен, Баткен облусунун климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүгө ылайыктуу. Өзгөчө жүзүмдүн ашкана…

Кененирээк

Ош шаарында Айт намазы мечиттерде окулат

Орозо айт намазы 10-апрелде Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айт намаз таңкы саат 07:30да башталат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29…

Кененирээк

Бүгүнтөн баштап мектептерде 1-класска электрондук каттоо башталды

Бүгүнтөн тарта мектептерде 1-класска электрондук каттоо башталат. Билим берүү жана илим министрлигинен эскертишкендей, каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчиси жашаган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин болсо, экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин өтөт.

Кененирээк

Оштогу 2 эс алуу жайы мамлекеттин менчигине өттү

Ош пансионаты менен Ош турбазасы мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында аталган эс алуу жайлардын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс-депутат жана башка адамдар менчиктештирип алганы маалым болду. Ош пансионаты 21,5 га болгон, азыр 17,68 га гана жери калган; Ош турбаза 4 га болгон, азыр 2,8 га гана жери калган….

Кененирээк

Кыргызстанда ФИФАнын баардык талаптарына шайкеш стандион ачылат

Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди. Маалыматка ылайык, стадион 45 миң адамга ылайыкталып курулууда. Курулушка болжол менен 60 млн доллар керектелет. Объекттин ачылышы 2026-жылы Эгемендүүлүккө карата болот деп күтүлүүдө.

Кененирээк

Кыргызстан Казакстанга жардам берди

Бүгүн, 6-апрелде суу каптоодон жабыр тарткан казак элине Кыргызстан гуманитардык жардам жөнөттү. Бүгүн таңгамаалкы саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган. Анда күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет. Белгилей кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16…

Кененирээк