Суу каптоо коркунучунан 160 адам эвакуацияланды

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.Анын натыйжасында Зындан көлү жарылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо уюштурулду. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып,…

Кененирээк

Зындан тоо көлү жарылып, тургундар эвакуацияланууда

Көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону…

Кененирээк

Доллар арзандап, евро кымбаттай баштады

  Улуттук банк 22-августка карата валюта курсунун жаңыланган маалыматтарын жарыялады.Ага ылайык: АКШ доллары 85,60 тыйын, Евро 95,18 тыйын, Россия рубли 0,93 тыйын, Казак теңгеси 0,18 тыйынды түздү. Коммерциялык банктарда доллар арзандады. Орточо эсеп менен доллар сатып алуу 85,50 тыйын, ал эми сатуу 86 сомдон түзүүдө. Улуттук банк жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу…

Кененирээк

Күмүш коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгат

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Кара- Кыргыз автономиялуу облусуна-100 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат.Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Ага ылайык, тыйындын төмөн жагында ак илбирстин сүрөтү,монетанын номиналы”10 сом” чагылдырылган. Монетанын жогорку жагында Ала-Тоо түшүрүлгөн .Монетанын аркы бетинде оймо-чиймелердин ортосунда өлкөнүн герби жайгашкан. Төмөн жагында монета чыгарылган жыл –“2024” металлдын сапаты жана салмагы…

Кененирээк

Жер үйдөн 40 тоннага жакын таштанды чыккан

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Свердлов районунда жер тамда жашаган аял көп убакыттан бери үйүнүн алдына таштынды үйүп жүрө берген. Анын айынан адам чыдагыс жыт пайда болуп, коңшулары акимчиликке кайрылган. Маселени чечүү үчүн алгач үйдүн ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.Ага байланыштуу таштандыларды муниципалдык…

Кененирээк

Памирлик кыргыздар үчүн 82 миллион сомдук турак үйлөр курулду

Чоң-Алай районунун Буран-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү.Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82 миллион сомду түзөт.«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн…

Кененирээк

Чүйдө 470 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда 470 млн сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКка тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталган. Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн…

Кененирээк

Mbank Орусиядан акча которууну токтотту

Мбанк Кыргызстан банкы 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар. МБанктын сайтындагы маалыматка караганда, акча которуу кызматташтыгы качан жанданары белгисиз. Орусиядан акчаны санкция салынбаган банктар аркылуу которууга болот.Андан тышкары, Mbankта 20-августка чейин түнкү саат 1ден 5ке чейин техникалык иштер жүрүп,…

Кененирээк

Кыргызстан картошканын 83% Өзбекстанга эспорттогон

Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.Кыргызстан картошканы Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп 83% Өзбекстанга экспорттолгон. Быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна…

Кененирээк

Маймыл чечек оорусун жугузуудан сак болуңуз

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы…

Кененирээк