«Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аттуу креативдүү фестиваль өттү
Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында «Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аталышындагы креативдүү фестиваль өткөрүлдү.Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын колдоосу менен уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаар тургундары катышты.Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келгендерге сүрөтчүлөр тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдүБелгилей кетсек, фестиваль үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн биргелешкен активдүү эс алуусун уюштуруу жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

