Ош шаарында төрт эм төрөлдү

2026-жылдын 12-март күнү Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында кесарево жолу менен төрт эм төрөлдү. Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү. Наристелердин салмагы: кыз — 1830 г, уул — 1815 г, кыз — 1520 г, кыз…

Кененирээк

Финансы министри алмашты

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өз арызы менен кызматтан кетип, ордуна финансы министри болуп иштеп келген Бакыт Бакетаев барды. Тургунбаев бул кадамга эмне себептен барганы тууралуу комментарий берген жок. Ал эми Финансы министри болуп Руслан Суйналиев дайындалды.

Кененирээк

«Нелегал: Мексика аркылуу» тасмасы кинотеатрларда коюла баштады

18-март күнү Ош шаарында «Нелегал:Мексика аркылуу» тасмасынын бет ачаары болуп өттү. Ага шаардагы маданият өкүлдөрү, тасманын расмий өнөктөштөрү катышты. Долбоор «Рай под ногами матерей» тасмасын жараткан команда тарабынан тартылган. Мындай деңгээлдеги фильмди кыргыз көрүүчүсү буга чейин көрө элек. «Нелегал: Мексика аркылуу» — Түштүк Америкада, анын ичинде жапайы жунглилерде жана башка оор жаратылыш шарттарында тартылган алгачкы…

Кененирээк

Израиль Ирандагы ири газ кени “Түштүк Парска” сокку урду

Бул кен Катардагы “Түндүк Парс” кенинин уландысы. Катар чабуулду кооптуу жана жоопкерчиликсиз кадам деп атап, глобалдык энергетикалык коопсуздукка, аймактагы калкка жана экологияга коркунуч жаратарын билдирди. Трамп АКШ Израилдин бул чабуулу тууралуу билбегенин айтты. Ошондой эле эгер Иран Катарга сокку урса, АКШ “Түштүк Парс» кенин жок кыларын билдирген. Буга чейин Иран бийлиги жооп иретинде Катар, Сауд…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин депутаттары бир жумага аймактарга чыгышат

Кийинки жумада Жогорку Кеңештин жыйындары болбойт. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, 23–28-март күндөрү депутаттар аймактарда иштеп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.Төрага ар бир округдан үчтөн депутат шайланганын эске салып, эл менен натыйжалуу иштешүү үчүн аларды биргеликте жер-жерлерге чыгууга чакырды.

Кененирээк

Айт намазды эски аянтта окууга уруксат берилди

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Асхат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде кабыл алынган. Коопсуздук жана даярдык атайын комиссия тарабынан бааланып, быйыл шарттар ылайыктуу деп табылган.

Кененирээк

УКМК башчысы: Ишкерлерди текшерүүлөр токтотулду жана кадрдык тазалоо жүрүп жатат

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков ЖМКларга берген маегинде агенттиктин реформасы, иштөөнүн мыйзамдуу ыкмаларына өтүү жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу билдирди. Анын айтымында, негизсиз бизнес текшерүүлөрү 2026-жылдын январынан тартып токтотулат. Агенттик мыйзамсыз ишмердүүлүктү катуу токтотуу менен бирге ишкерлер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү көздөйт. Шабданбеков ошондой эле ички тазалоолор болуп жатканын жарыялады: жети кызматкер жумуштан…

Кененирээк

Маданият мекемелерине 117 жаңы унаалар берилди

Жаңы унаалар өлкө боюнча райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнө, облустук китепканаларга, музейлерге жана театрларга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. «Бүгүн республика боюнча 100дөн ашык маданият мекемеси өздүк транспортко ээ болду. Муну менен биз ведомстволук уюмдарыбызды унаалар менен дээрлик 100 пайызга камсыз кылып жатабыз», – деп баса белгиледи министр. Белгиленгендей, 117 унааны сатып…

Кененирээк

Иранда Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани каза болгону тастыкталды

Израилдин коргоо министрлиги билдиргендей, ракеталык соккунун натыйжасында анын уулу жана күзөт башчысы да кошо набыт болгон. Лариджани – Али Хаменеи каза болгондон кийин Ирандын иш жүзүндөгү лидери аталган.

Кененирээк

Кыргызстанда жаныбарлар үчүн вакциналарды чыгаруучу жаңы завод куруу пландалууда

Эрлист Акунбеков бул демилге импортко көз карандылыкты азайтып, мал ооруларын көзөмөлдөөнү күчөтөрүн белгиледи. Долбоордун баасы болжол менен 10 млн долларды түзөт. Жаңы завод өндүрүштү кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Долбоор «Алтын Тамыр» компаниясы менен биргеликте ишке ашат. Азыркы учурда бул ишкана өлкөдөгү жалгыз биопрепарат өндүрүүчү болуп саналат жана продукциясын чет өлкөлөргө экспорттойт. Бул долбоор…

Кененирээк