Эки кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мелдешти чейрек финалдан баштаган Орозобек Токтомамбетов индиялык Жайдипди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат. Ал эми Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракетинин эсебинен жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шариповго каршы чыгат.

Кененирээк

Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда

Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган. Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Араван районунда Э. Кебекбаев атындагы мектепти ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Мурда окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашкан. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин…

Кененирээк

Ошко жаңы заманбап Тез жардам борбору курулат

Садыр Жапаров Ош шаарында элге жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди. Анда тургундар шаардагы Тез жардам борборунун имараты эскиргенин айтышып, жаңысын салып берүүнү өтүнүштү. Садыр Жапаров, жаңы имарат курууга тапшырма берип, президенттик фонддон каражат бөлүнөрүн айтты.

Кененирээк