«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

2026-жылдын 14-апрелинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды. Бул дайындоо ишкананын башкаруу потенциалын күчөтүүгө жана анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууларды жакшыртууга багытталган.

Кененирээк

Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбын угузду. ИИМ Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын билдирди. Айдарбеков министр болуп турганда айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Акча…

Кененирээк

Министрлер кабинети «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпулун дайындоо тартибин өзгөрттү

« Негизги өзгөрүү — муктаждыкты аныктоодо колдонулган кепилденген минималдык киреше 1000 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу бар же жок экенин аныктоодо негизги роль ойнойт», — деп жазат Economist.kg сайты. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомуна киргизилди. Жаңы нормалар жөлөкпул берүү тартибин жана муктаждык критерийлерин тактайт. Эми жөлөкпул үй-бүлөнүн жашоо шартын…

Кененирээк

Кытайда BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты

Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты. Өрт тез жайылып, окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчү бригадалар жөнөтүлгөнү кабарланууда.Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Кененирээк