Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту. Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту. Күрөштүн…

Кененирээк

Бала бакчаларга логопед жана психолог штаттары киргизилди

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, бул талаптар жаңы стандарттарга киргизилген. Ал керектүү адистердин тизмеги Илим министрлигине жөнөтүлүп, ЖОЖдорго керектүү адистерди окутуп берерин кошумчалады.

Кененирээк

ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, ЖРТга даярдануу үчүн иштелген акысыз «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды. Тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроосу бар, ал эми аткарылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Министрлик бул долбоор акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлгөнүн билдирди. Кайсы аймактарда колдонуучулар көп экени жана…

Кененирээк

Кыргызстандан алгачкы абитуриент Стэнфордго кабыл алынды

Бакалавриат программасы боюнча толук грант уткан Амиртай Бексултанов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолугушту. Ал жаштардын мындай ийгиликтери өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу мисал болуп берерин белгиледи. Бул окуу жай дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бири болуп эсептелет. Буга чейин анда бакалавр программасында билим алган кыргызстандыктар болгон эмес.

Кененирээк

Үрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үрөнчүлүк менен питомник чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоо механизми ишке кирди. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу 3% менен 36 айга чейин берилет жана программа бекитилген тизмеге кирген чарбаларга арналган. Шартка ылайык, каражаттын 60%ы үрөнчүлүк чарбаларына, кеминде 40%ы питомник чарбаларына бөлүнөт. Бул акча үрөн, көчөт сатып алууга, продукция өстүрүүгө, жабдууларды жаңылоого…

Кененирээк

“Ата-Бейитте” апрель окуяларында курман болгондор эскерилди

2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Кененирээк

Саламаттык сактоо министри менен Түркиянын Элчиси медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары…

Кененирээк

Кыргызстан хоккейди жеңиш менен баштады

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнда Болгарияны 5:3 эсебинде жеңди. Бул турнир Кыргызстан үчүн тарыхый болуп эсептелет, анткени команда биринчи жолу IIB дивизионунда ойноодо. Чемпионат 6–12-апрель күндөрү София шаарында өтүп жатат.

Кененирээк

АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты. Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген. Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы…

Кененирээк

Барскоон — Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон — Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мекемеси түзүлдү. Министрлер кабинетинин тескемеси менен анын башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды. Жаңы дирекция жол куруу долбоорун координациялап, каржылык каражаттардын пайдаланылышын камсыз кылып, техникалык, экологиялык жана социалдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Узундугу болжол менен 150 чакырым болгон…

Кененирээк