ЖРТга бүтүрүүчүлөрдү каттоо аяктады

Тестирлөө 13-майдан 23-майга чейин өтө турганын Агартуу министрлиги билдирди. Быйыл жалпы 61 412 абитуриент катталды. Тестирлөөнү бул жылы да Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору уюштурат.

Кененирээк

«Ала-Тоо” аянтындагы оргума 29-апрелден тарта иштей баштайт

Калаа мэриясы бизге фонтандар Бишкек шаарынын күнүнө карата ишке кириши пландалып жатканын билдирди. Учурда аларга суу толтурулуп жатат. Белгилей кетсек, быйыл Бишкектин 148 жылдыгы белгиленет.

Кененирээк

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду кимдер ала алат?

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул белгиленген тартипке ылайык дайындалат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрмө берди. Бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу: иштеген жарандар — жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдар; жеке ишкерлер — ишкердик жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп келгендер; дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү; расмий жумушсуз деп таанылган…

Кененирээк

Кыргызстанда быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда 2026-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мындай чечим Бишкекте ШКУ саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Окуу процесси 25-майда аяктайт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт, ал эми ШКУнун юбилейлик саммити Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин уюштурулат. Саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, ал…

Кененирээк

МинКаб төрагасы санкциялар боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев санкциялар боюнча кеңешме өткөрүп, анда учурдагы чектөөлөрдүн тобокелдиктери жана мүмкүн болгон кесепеттери талкууланды. Мамлекеттик органдар тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын күчөтүү, экспорт-импорт операцияларын көзөмөлдөө жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Кеңешменин жыйынтыгында кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу жана терс кесепеттерди азайтуу боюнча тапшырмалар…

Кененирээк

Бүгүн билим берүү тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык акыларын ала башташат

Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө көптөн бери так жана табигый илимдер боюнча адистер жетишсиз болуп келет, ошондой эле математика боюнча функционалдык сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калууда. Ушуга байланыштуу мурда адистерди тартуу үчүн 20% теңдөө коэффициенти киргизилген, эми болсо коэффициенттер теңделип, бардык мугалимдерге колдонулат. Ал белгилегендей, буга…

Кененирээк

Кыргызстандык боксчу Дүйнө кубогунда коло медаль утту

Анвар Хожиев 50 кг чейинки салмак даражада күч сынашты. 1/8 финалда Хожиев япониялык Даити Аваини 3:2 эсебинде жеңди. 1/4 финалда австралиялык Айзаз Омерди 3:2 эсебинде утуп чыкты. Жарым финалда азербайжандык Субхан Мамедов 4:1 эсебинде жеңүүчү болду. Жыйынтыгында Анвар Хожиев 3-орунга жазылды.

Кененирээк

Эколог: Ысык-Көлдүн жээгине кум төгүү келечекте кооптуу кесепеттерге алып келет

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде болуп жаткан иштер олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева жазды. Анын айтымында, жээкти толтуруу — бул жөн гана курулуш элементи же бейтарап кийлигишүү эмес. Бул көлдүн жээк зонасын (литоралдык аймакты) — эң маанилүү жана эң алсыз бөлүгүн — бузуу…

Кененирээк

Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов расмий сапар менен Бишкек шаарына келди

Аны «Манас» аэропортунан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн командири Талантбек Талипов тосуп алды. Сапардын алкагында Белоусов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышат.

Кененирээк

Дональд Трамп атышуу учурунда эмнеге дароо кетип калбаганын айтты

“Мен эмне болуп жатканын көргүм келди, бул жан сакчылардын ишин жеңилдеткен жок”, — деп ал CBS телеканалына берген маегинде билдирген. Ал эми вице-президент Джей Ди Вэнс атышуу башталары менен биринчи болуп эвакуацияланган. Жан сакчылар аны сахнадагы столдон күч менен алып чыгышкан.

Кененирээк