Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 80ден ашык өлкөгө экспорттойт

Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон. ЕАЭБ: Экспорт – 17,1 млрд сом (51%) Россия Федерациясы: Экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер) Казакстан Республикасы: Экспорт – 7,8 млрд сом…

Кененирээк

Бишкекте биринчи “кыргыз” робот ит көрсөтүлдү

Робот ит Бишкекте жасалма интеллект боюнча өткөн көргөзмөдө көрсөтүлдү. Робот жаныбардын аты — Кумайык. Ал кара жорго бийлеп, кыргыз тилинде берилген буйруктарды аткара алат. Иш-чара ШКУ өлкөлөрүнүн IT тармагын өнүктүрүүгө жооп берген министрлик менен ведомстволорунун жетекчилеринин V жыйынынын алкагында өтүүдө.

Кененирээк

1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт

Бул тууралуу калаа мэриясы билдирип, иш-чаранын программасын жарыялады. Ага ылайык, мында жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Иш-чаранын программасы:

Кененирээк

ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Нуржал Төрөбекова никеге тургандар үчүн милдеттүү жана акысыз медициналык текшерүүнү киргизген мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Демилгеде В, С жана D вирустук гепатиттерине, ВИЧке жана венерикалык ооруларга тест тапшыруу каралган. Текшерүүнүн жыйынтыктары медициналык сыр катары сакталат жана жарандардын макулдугу менен гана ачыкталат. Эгер жубайлардын бири оорусу бар экенин жашырса,…

Кененирээк

Бишкекте биринчи жолу BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада биринчи жолу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.Көргөзмө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Конокторду эмнелер күтөт: Кыргызстандын 7 облусунун туристтик потенциалы; 139 катышуучу компания,…

Кененирээк

Москвада апрелде кар жаап, 55 жыл мурунку рекорд жаңыланды

Москвага жааган кардын калыңды 12 сантиметрге чейин жетти. Синоптик Михаил Леустун айтымында, бул апрель айы үчүн акыркы 55 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Калың кардан улам шаарда дарактар кулап, айрым унаалар жабыркады. Бийлик тургундарды коомдук транспортту колдонууга чакырып, самокат жана велосипеддерди ижарага берүүнү убактылуу токтотту. Коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Кененирээк

Кыргызстан жаңы соода коридорунан жол ачты

Бишкек шаарынан чыккан жүк ташуучу унаа Карачи портуна жетти. Ал Кытай менен Пакистандын аймагы аркылуу жалпы 3 300 км жолду басып өттү. Бул экспорт жана импорт үчүн альтернативдүү жол катары каралып жатат. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров буга оң баасын берди. «Кыргызстан акыркы убактарда деңизге чыгуу үчүн ар түрдүү альтернативдүү жолдорду издеп жатат. Бул ШКУнун…

Кененирээк