Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» дарысынын 350 миң таңгагы берилди. Министрликтин маалыматына ылайык, бул гуманитардык жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Дары каражаты өлкө боюнча 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. «Мизопростол» медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

Кененирээк

Башкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды

Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2025-жылы прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди. Анын ичинен 1,243 млрд сом акчалай, ал эми 33,584 млрд сом мүлк түрүндө өндүрүлгөн. Анын айтымында, бир жыл ичинде 24 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталып, 12 083 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, 570 кылмыш иши козголгон….

Кененирээк

Казакстандан алынып келе жаткан 22 тонна картошка артка кайтарылды

“Ак-тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 7-апрелинде Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 22 тонна картошка продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Чүй-Бишкек башкармалыгынан кабарлашты. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157…

Кененирээк

Азия чемпионаты: Бүгүн балбан кыздарыбыз күрөшүп баштайт

8-апрель — Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын үчүнчү күнү. Килемге чыга турган балбан кыздарыбыз: ◾️Арууке Кадырбек кызы — 55 кг◾️Сезим Жуманазарова — 59 кг◾️Мээрим Жуманазарова — 68 кг◾️Айпери Медет кызы — 76 кг Беттештер саат 11:30да башталат.

Кененирээк

Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Мындан тышкары, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. 🔶 Чүй облусу:…

Кененирээк

АКШ менен Иран эки жумага ок атышпоого макулдашты

Анын айтымында, бул Пакистандын ортомчулугу менен жүзөгө ашкан. Тегеран Ормуз кысыгын ачып, кемелердин коопсуздугун камсыздоого макул болгон. “Ирандан 10 пунктудан турган сунуш алдык, аны макулдашуу үчүн негиз деп эсептейбиз”, — деди Трамп. Ал эми Ирандын коопсуздук кеңеши АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алууга мажбурлап, жеңишке жетишкенин жар салды. Ирандын маалыматына ылайык, АКШ Ормуз кысыгына…

Кененирээк