Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк банк кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясынын алкагында өтүп, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын учурдагы абалын талкуулоого, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого багытталды.

Кененирээк

Мамлекеттик ипотекалык компания эми премиум-класстагы батирлерин колдонууга берет

Прораб Бектур Назаровдун айтымында, ушул жылдын октябрь айында 6,5 миң батирдин берилиши күтүлүүдө. Үйлөр Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан. Анда ар бири 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан…

Кененирээк

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулап жаткандарга айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы рейд жүргүзүп, суу сактагычтан 7 чакырым тор чыгарылганын кабарлады. Ошондой эле тор салып жүргөн эки адам аныкталып, аларга 11 миң сомдон айып салынган. Мекеменин кабарлашынча мындай рейддик иш-чаралар өлкөдөгү ири көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда жүргүзүлүп жатат.

Кененирээк

Кыргызстан Россиядан тик учактын учкучтарын окутууга арналган заманбап тренажёр алды

Маалыматка ылайык, жабдуу аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өткөрүлүп берилген. Жаңы тренажёр татаал аба ырайы шарттарында учууну моделдөөгө; тоолуу аймактарда жана түнкү убакта учуу машыгууларын өткөрүүгө ошондой эле, күтүлбөгөн кырдаалдарды, анын ичинде башкаруу системалары же кыймылдаткычтар иштен чыккан учурларды машыгууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоо…

Кененирээк

Кыргызстандагы 70 миң таксисттин ичинен 15 миңи эле лицензия алды

Мындан улам Ички иштер министрлиги лиценция алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. Тактап айтканда, тизмедеги төмөнкү документтерди алып салуу каралууда: салыктар, салыктан тышкаркы кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын бар/жогу жөнүндө аныктама, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат жана соттолбогондугу тууралуу аныктама. Ошондой эле эми май айынан тартып такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензияны «Түндүк» тиркемеси аркылуу да…

Кененирээк