Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болду

Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Азамат Кадыралиев менен болгон жолугушууда, Анталия дипломатиялык форумунун алкагында айтылды. Кыргыз тарап июнь айынын башында өтө турган шайлоодо колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, араб өлкөлөрүнүн добушу маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл…

Кененирээк

2026-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында киргизилүүдө. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылы үчүн өзүнчө шарттар каралган. Алар үчүн электр энергиясынын бир бөлүгү Токтогул ГЭСинин курулушунан келтирилген зыянды компенсациялоо тууралуу мыйзамга ылайык өздүк наркы менен төлөнөт. Министрлик белгилегендей, тарифтерди өзгөртүү энергетикалык системанын туруктуу иштешин…

Кененирээк

АКШ Оман булуңунан Ирандын кемеси кармалганын билдирди

Президент Трамптын айтымында, жүк ташыган Touska кемеси АКШнын блокадасынан өтүүгө аракет кылган. Экипаж токтобогондон кийин америкалык аскердик кеме анын машиналык бөлүгүн бузган. Иран бул окуяны мыйзамсыз аракет деп атап, жакында жооп берерин айтты.

Кененирээк

Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди

Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров демилгелеген «Референдум жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам долбоору катталды. Ал мыйзамдарды 2021-жылдагы Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — референдумду дайындоо укугу президентке берилет. Ал аны өз демилгеси менен же 300 миң шайлоочунун же депутаттардын үчтөн экисинин сунушу менен дайындай алат. Ошондой эле электрондук жана аралыктан добуш берүү…

Кененирээк

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов 84 жашында көз жумду

Акын, жазуучу жана коомдук ишмер кыргыз-казак элинин достугун даңазалап келген. Ал 1993-2003-жылдары Кыргызстанда элчи болуп да эмгектенген. Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда өзгөчө байланыш болгону айтылып келет.

Кененирээк