Кытай менен биргеликте Кыргызстандын аймактарында эки жүз элүү өндүрүш ишканасы ишке киргизилет

Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана КЭРден келген делегация реалдуу секторду өнүктүрүүгө багытталган «250 өндүрүш линиясы» программасын бекитишти. Долбоор өлкөнүн бардык облустарын камтыйт жана жаңы заводдорду, цехтерди ачуу аркылуу чакан жана орто ишкерликтин дараметин чыңдоону көздөйт. Кытай тарап Кыргызстандын аймагында өнөр жай кооперациясына жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуу учурунда ШКУ…

Кененирээк

Кыргызстанда суу ресурстарын талдап, так маалымат берген платформа жасалды

Бул уникалдуу стартап Oscar & Sons Group компаниясы тарабынан даярдалган. Ал Борбор Азиядагы суу ресурстарын талдап, анын деңгээли, көлөмү, сапаты тууралуу так маалымат бере алат. Ошондой эле жасалма интелектин жардамы менен келечекте боло турган суу тартыштыгы же анын сапатынын өзгөрүшү тууралуу божомолдорду даярдайт. Стартап Астанадагы Аймактык экологиялык саммиттин алкагында презентацияланды.

Кененирээк

Иран Ормуз кысыгы боюнча айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жеңилдик берди

Москвадагы Иран элчиси Казем Жалалинин айтымында, азырынча достук мамиледеги өлкөлөр үчүн өзгөчө шарттар колдонулууда. Бирок бул чечим келечекте өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Тегеран мындай төлөмдөрдү АКШ жана Израилдин чабуулдарынан кийин коопсуздук чыгымдарына байланыштуу киргизүүнү пландаган. Учурда АКШнын деңиз блокадасы толук алынмайынча Ормуз кысыгы Иран тарабынан жабык экени айтылды.

Кененирээк

Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Президенттер Орусияда жолугушту

23-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барды. Анда бул өлкөнүн президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышышты. Президент Жапаров Путинди үстүбүздөгү жылдын 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине…

Кененирээк

Мамлекеттик ооруканада боор алмаштыруу операциясы жасала баштады

Операция Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жүргүзүлдү. Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгон. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы. Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча эң алгачкы операция 2024-жылдын июнь айында ийгиликтүү жасалган. Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасындагы операцияны Түркиядан атайын окуудан өткөн кыргыз дарыгерлер ишке ашырган болчу.

Кененирээк