ЖК төрагасы Марлен Маматалиев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Төрага Марлен Маматалиев расмий сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып: “Эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү жолугушууларды өткөрдүк. Баарлашууда Германиядагы мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу жана аларды керектүү кесиптерге окутуу менен ишке орноштуруу, ошондой эле визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелерин көтөрүп, аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдаштык»,-деди.

Кененирээк

Министр Кулубаев Москвада Борбор Азия жана РФ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМ жетекчиси экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген. Министр кооптуулуктарга каршы биргелешкен аракет менен каршы турууга чакырып, өз ара соода менен жүк ташууга тоскоолдук жараткан чектөөлөрдү жоюунун зарылчылыгына көңүл бурду. Жыйын соңу менен ТИМ башчылары тараптардын кызыкчылыгын туудурган маселелер боюнча пикир алмашууну улантууну макулдашышкан.

Кененирээк

Кыргызстанда эң жогорку айлык кен казуу тармагында, эң төмөнкү айлык — маданиятта

Кыргызстанда 2026-жылдын январь айындагы орточо айлык маяна боюнча эң жогорку көрсөткүч кен казуу тармагында катталды — 86 миң 971 сом. Андан кийинки орундарда каржы тармагы — 83 миң 277 сом, маалымат жана байланыш тармагы — 80 миң 277 сом. Эң төмөнкү айлык маданият тармагында болуп, ал 27 миң 326 сомду түздү. Билим берүүдө орточо маяна…

Кененирээк

АКШ 17-апрелге чейин танкерлерге жүктөлгөн россиялык мунай операцияларын жүргүзүүгө уруксат берди

Ал 16-майга чейин күчүндө болорун Американын Каржы министрлиги билдирди. «Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде АКШ дагы дүйнөлүк экономиканын туруктуулугу үчүн россиялык мунай менен газдын маанилүү ролун барган сайын тереңирээк түшүнө баштады. Деген менен бул ЕБ менен Британиянын кыжырын келтире турган жагдай», — деди РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев.

Кененирээк

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Президент Садыр Жапаровдун чечими боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Документке ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу…

Кененирээк

ЕБРР менен кызматташтык: Ош жашыл экономикага өтүүнү күчөтөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Жашыл шаар” стратегиялык долбоорун илгерилетүү багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда шаарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана заманбап “жашыл” стандарттарды киргизүү маселелери негизги орунду ээледи. Тараптар долбоордун артыкчылыктарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты. “Жашыл шаар” демилгеси ишке…

Кененирээк