Ош шаарына эл аралык стандарттагы «Oxford» билим берүү мекемеси курулат

Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында кайрылуулар эми оозеки да кабыл алына баштайт

Буга чейин кайрылуулар текст түрүндө гана кабыл алынчу. Эми аудио кайрылуулар жасалма интеллект аркылуу текстке айланып, тиешелүү депутатка жөнөтүлөт. Кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн атайын бөлмө да каралган. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы жаңыртылып, процессти ыкчамдатууга шарт түзүлдү. Төрага Марлен Маматалиев жаңы кабылдаманын ишин текшерип, биринчи болуп келгендерди…

Кененирээк

Кыргызстандык уз-чеберлердин эмгеги БУУда коюлду

Уюмдун штаб-квартирасында «Walking with the Earth» («Жер менен шайкештикте») деген көргөзмө өтүп жатат. Ага кол өнөрчүлөрдүн эмгеги тартууланганын иш-чаранын кураторлорунун бири Айбек Байымбетов билдирди. Аталган көргөзмөгө сүрөтчү дизайнер, уз-чебер, этнограф маркум Айдай Асангулованын “Жаңы дем” аттуу эмгеги да көргөзмөгө коюлуп, улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн жана салттуу дүйнө таанымдын терең катмарларын ачып берүүдө. Анын чыгармачылык мурасын…

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:▪️Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);▪️Каракол – Эңилчек унаа…

Кененирээк

Жакынкы Чыгыштагы окуялардын Борбор Азияга тийгизген таасири КР Коопсуздук кеңешинде талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегарини кабыл алып, аймактык туруктуулукка болгон негизги коркунучтарды талкуулашты. Көңүл борборунда Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген таасири болду. Тараптар тышкы тобокелдиктерди азайтуу жана аймактагы тынчтыкты чыңдоо үчүн күч-аракеттерди айкалыштыруу зарылдыгын ырасташты. Ошондой эле дипломаттар ШКУ форматындагы өз ара аракеттенүү жана уюмга…

Кененирээк

Датка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары парламентте

Эл өкүлү Улан Примов Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолукту. Жолугушууда Датка айылындагы жүрүп жаткан иштер, социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу маалыматтар айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды. Улан Примов буга чейин аймактын бир нече маселелерин жогорку трибунадан көтөрүп келе жатканын жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү эл өкүлдөрү менен бирге аракеттерди улантарын белгиледи….

Кененирээк

Кыргызстанда Европанын талаптарына жооп берген айдоочуларды даярдаган программа ишке кирет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкөдө Code 95 сертификатын алуу үчүн окуу курстары ачыларын билдирди. Аталган документ Европа Биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочулардан милдеттүү түрдө талап кылынат. Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Курсту бүткөндөр Европага барганда кошумча экзамен же окуусуз эле сертификат алса болот. СЕ категориясын 2009-жылга чейин алгандар бир жума, андан кийин…

Кененирээк

Мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды

Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын саны 46дан 22ге чейин кыскартылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы тизмеде «Эрдик» ордени, «Ардак» медалы, «Кыргыз Республикасынын жаратманы», «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары жана айрым кесиптик ардак наамдар сакталды. Ошол эле учурда мурдагы бир катар сыйлыктар менен наамдар жоюлду. Алардын…

Кененирээк

Нарын дарыясынын нугу бурулат

Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди. Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат. “Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.

Кененирээк

Оштогу СИЗОну музейге айлантуу сунушталды

Идеяны мамкатчы демилгелеп, аталган мекеме шаар сыртына көчүрүлөрүн, ал эми имаратты музей кылууга калаа мэри каршы эместигин жазды. “Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө…

Кененирээк