Ысык-Көлдө кийинки жумада коменданттык саат киргизилет

Маалыматка ылайык, 21-23-апрель күндөрү аймакта “Коопсуздук-2026” аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болот. Мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал. Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды. Ысык-Көлдө кийинки…

Кененирээк

Араванда капуста бышып, экспортко чыгууда

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Ал эми жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста бышып, ички базарга чыгуусу күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы бышкан сарымсак дагы жакынкы күндөрү сатыла баштайт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тийиштүү адистерди…

Кененирээк

Жүргүнчүлөр даттанган учактын учуусуна убактылуу тыюу салынды

Бул учак «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясына тиешелүү. Бишкектен чыккан жүргүнчүлөр Ошко жакындаганда кычкылтек жетишпей калганын айтып даттанышкан. Окуяга күбө болгон Ертуран Разаковдун айтымында, учактын ичинде дүрбөлөң башталып, жаш балдар да, чоң адамдар да өзүн жаман сезген. Ушундай учурда жардамга келүүчү кычкылтек жабдуулары жетишсиз экенин, айрымдары пайдаланууга жараксыз болгонун айтышууда. «Манас» аэропорту кызматтык иликтөө башталып, учак убактылуу…

Кененирээк

Бишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө

Бишкекте мечиттерди документтештирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү иштери уланууда. Муфтияттын маалыматына караганда, Ленин районунда имамдар жана мечит ээлери менен көчмө жолугушуулар өттү. Сөз жеке менчик жер тилкелеринде жайгашкан мечиттер тууралуу болуп жатат. Башкы имам-хатиб Сүйүнөлү ажы Кулуев хатибияттын кызматкерлери менен бирге документтерди тариздөө, объектилерди КМДБнын балансына коюу жана тиешелүү күбөлүктөрдү алуу тартибин…

Кененирээк

Европа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилет

Европа биримдигинде социалдык тармактарга жана башка онлайн-платформаларга кирүүдө колдонуучунун жашын тастыктоо системасы даярдалып жатат. Еврокомиссия бул багыттагы жалпы европалык ыкманы буга чейин эле сунуштаган, ал эми Урсула фон дер Ляйен тиркеме техникалык жактан даяр болуп, жакын арада колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болорун билдирди. Сервис куракты тастыктоого мүмкүнчүлүк берип, ошол эле учурда ашыкча жеке маалыматтарды ачыктоону талап…

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу PhD дипломдору тапшырылды

16-апрелдеги иш-чарага илим министри Гүлзат Исаматова катышты. Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алды. Алардын 32 пайызы чет өлкөлүк жарандар. PhD программалары боюнча адистерди даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталган. 2023-жылы «Илим жөнүндөгү» мыйзам менен расмий таанылган. Учурда Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдап жатат.

Кененирээк