Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлат

Анын функциялары президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт. Садыр Жапаров санариптештирүү боюнча жарлыкка кол койду. ▪️ Санариптештирүү күчөтүлөт, бирок бизнес үчүн азырынча натыйжалуулугу төмөн. ▪️ Президенттин Иш башкармалыгы эми санариптештирүү, жасалма интеллект, байланыш жана мамлекеттик кызматтар үчүн толук жооп берет. ▪️ Мамлекеттик мекемелердеги санариптештирүү боюнча чиновниктер кыскартылат. ▪️ Санариптик реформаларды тездетүү, кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны азайтуу пландалууда.

Кененирээк

Баткенде өрүктүн эрте бышуучу сорттору түшүм бере баштады

Облустук администрация өткөн жылы Түркиядан көчөт отургузуп, быйыл мол түшүм алган дыйкандын бакчасынан тартылган видеону жарыялады. Өрүктөр Казакстанга жана Россияга (ЕАЭБ өлкөлөрүнө) экспорттолот.

Кененирээк

Май айынан тартып ички авиакаттамдар арзандайт

Ош менен Манас багытына авиабилеттер эрте алынса 3 800 сомдон башталат. «Кыргызстан аэропортторунан» 1-майдан тартып Бишкек — Ош багыты боюнча билеттин баасы эрте брондолсо 3 800 сомдон башталып, учууга жакын күндөрдө 5 900 сомдон ашпай турганын айтышты. Ал эми Бишкек — Манас багытында баа 4 100 сомду түзмөкчү. Авиакомпанияларга бул чектен ашырбагыла деген тапшырма берилди.

Кененирээк

Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат

Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.

Кененирээк

Мектеп формасы өзгөртүүсүз калтырылды

Агартуу министрлиги бирдиктүү мектеп формасы боюнча сунуштарды карап чыгып, токтомду өзгөртүүсүз калтырды. Кыздар үчүн мектеп формасы -классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы -ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак.Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл)…

Кененирээк

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы: Таласта Тянь-Шань карагайынын 90 миңге жакын көчөтү отургузулду

Таласта «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 88 миң көчөтүн отургузуу башталды. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой капчыгайында башталган. Бак тигүүгө облустук мекемелердин кызматкерлери, 500 ыктыярчы, экологдор жана активдүү жарандар катышууда. Жумаев бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана келечек…

Кененирээк

Кыргызстан ВПЧ-вакцинация менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда адам папиллома вирусуна каршы вакцинация менен камтуу 90,5%ды түздү. Өлкө ВПЧ-вакцинаны ийгиликтүү киргизүү боюнча Европа регионундагы алдыңкы он өлкөнүн катарына кирди. Бул маселе Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттер, ЮНФПА жана Үй-бүлөнү пландоо альянсы менен өткөргөн жумушчу кеңешмесинде талкууланды. Кийинки кадам — жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо системасын өнүктүрүү болот. Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк

9-майда Караколдо Любэ, «Блестящие» жана Николай Басков ырдайт

Концертти Каракол шаарынын мэриясы Евразия уюму менен биргеликте уюштурууда.Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары да сахнага чыгышат. Караколдо Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» акциясы жана эскерүү митинги да өтөт.

Кененирээк

Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу», ошондой эле 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча айыпталууда. Камчыбек Ташиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду….

Кененирээк