Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы каникулу кыскарып калганы тууралуу кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап, эс алууну узартуу чечимин кабыл алды.
Эми окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды.
Кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат.
Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.
Акыркы коңгуроо аземи 29-майда өткөрүлөт.

