Фостердик үй бүлө 186 баланы тарбиялап жатат

Бүгүнкү күндө өлкөдө 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерип, балдар жана ата-энелер менен баарлашты. Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан…

Кененирээк

Мушташкан үч милиция жумуштан алынды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары — Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин соцтармактарга «Ош облустук милициянын башчысынын орун басарлары мушташып жатат» деген видео тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул…

Кененирээк

Үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга, балдарга атайын унаалар жардам көрсөтөт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады. Анда төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине жаңы унаалардын ачкычын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды. “Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун…

Кененирээк

Курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланат

Өлкөдө курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланат. Демилгени Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев көтөрүп, курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңыдан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. Анын алкагында директордун орун басары Т. Иманакун уулу Куруучулар союзунун төрагасы А. Молдобаев , Сейсмотуруштуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынан…

Кененирээк

А.Жапаров: өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичинде

Кыргызстан 2030-жылга чейин тышкы карызга ири сумманы төлөшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичине жетти. Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянарын кошумчалады. “2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды…

Кененирээк

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда таңкы саат 04:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 114-209- жана 209-250-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, оор жүк ташуучу унааларга…

Кененирээк