1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт
Бул тууралуу калаа мэриясы билдирип, иш-чаранын программасын жарыялады. Ага ылайык, мында жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Иш-чаранын программасы:
Бул тууралуу калаа мэриясы билдирип, иш-чаранын программасын жарыялады. Ага ылайык, мында жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Иш-чаранын программасы:
Мэрия тарабынан кылдат техникалык талдоо жүргүзүлгөндөн кийин Geely электробустары Бишкектин автопаркын толукташы мүмкүн. Борбор калаада бир кубаттоо менен 250 чакырымдан кем эмес жол жүрүүгө жөндөмдүү, Кытайда жасалган маневрдүү электробустардын бет ачары өттү. Мэр Айбек Жунушалиев заманбап коопсуздук тутумдары жана пневматикалык асма менен жабдылган чакан моделдин артыкчылыктарына жеке өзү баа берди. Бул транспорт экологиялык таза каттамдарга…
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Манас университети аркылуу өтүүчү жол ачыларын жарыялады. Ал чечим буга чейин кабыл алынганын жана мэриянын кеңсеси жол ачылгандан кийин коопсуздук чараларын камсыз кылууга убада берип жатканын айтты.Ал ошондой эле шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттерди жана башка жогорку окуу жайлары чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирди. «Манас»…
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Жарыштын биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн төмөнкү кыргыз балбандары чыгат: Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш…
Жекшемби күнү China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылган алгачкы каттам менен 134 жүргүнчү Бишкекке учуп келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кетти. Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багытындагы каттам аптасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Белгилей кетсек, China Southern Airlines компаниясы Бишкектен Бээжин шаарына жумасына алты жолу каттам аткарат.
2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Анын ичинен Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында — 485,7 миң адам жашайт. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам жашайт; Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам; Чүй облусунда 983,7 миң; Баткен облусунда…
Бишкек шаарында 2-апрель “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Форумга өлкөнүн…
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, Кыргызстан бул сынактарга 2002-жылдан бери катышып келет. Ал эми оюндарды 2022-жылдан тарта өткөрө баштаган. Мындай эл аралык иш-чараларды уюштуруу мамлекеттин жана борбор калаанын өнүгүү деңгээлин көрсөтөт. Оюнга 9 өлкөдөн 300дөн ашык бала катышууда. Аймактардан келгендерди кошкондо, катышуучулардын саны 700гө чамалап барат. Алар фортепианодо, элдик аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу, элдик жана эстрадалык…
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарындагы абалга нааразы болуп, бир катар чечимдерди кабыл алды. Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду. Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди. Мэр базарда башаламан соода кайра жанданып, көзөмөл жетишсиз болгонун сынга алды.
Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругу менен анын биринчи орун басары болуп Кубанычбек Иманалиев дайындалды. Буга чейин Бишкектин биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген Мирланбек Байгончоков 17-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми Кубанычбек Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.