Үй алам деген жарандарга жакшы жаңылык

Ош шаарында 7-10 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында элди турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылга чейин «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыкканын белгиленди. Үлүштүк программа жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз…

Кененирээк

«Оскар» сыйлыгына талапкер тасма аныкталат

Бүгүн, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

Кененирээк

“Айыл Банк” Орусиядан акча которууларды токтотту

“Айыл Банк” коммерциялык банкы бүгүн, 22-августтан тарта Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу кардарлардын эсептерине жана карталарына акча которууларды токтотту. Бул тууралуу аталган банктын сайттында жарыяланды. Белгилей кетсек, 16-августтан баштап Мбанк Орусиядан акча которууларды токтоткон.

Кененирээк

Өспүрүмдөр дүйнөлүк чемпиондукта оюнун жыйынтыктады.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду. Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту. Мелдеш улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн…

Кененирээк

Өзгөндө 14 жаштагы кыз көз жарды

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарды.Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын тастыктаган маалыматына караганда, учурда эне-баланын абалы жакшы .Ош ОИИБнын басма сөз кызматы бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу жараны кармалып,…

Кененирээк

Эми окуучуларга “5”деген баа коюлбайт

Мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөрөт. Маалым болгондой, азыркы беш баллдык система он баллдык системага алмаштырылат. Кыргыз билим берүү академиясынын концепциясынын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, 10 баллдык система окуучулардын билимин объективдүү жана дифференцияланган баалоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, беш баллдык баалоо системасы советтик мектептерде 30-жылдары киргизилген. Бул баалоо шкаласында мугалим формалдуу…

Кененирээк

Эми кара металды өлкөдөн алып чыксы болбойт

Кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн куймаларын экспорттоого тыюу салынды. Бул боюнча Министрлер кабинети 15-августта токтом кабыл алды.Ага ылайык алты айлык мөөнөткө четке ташууга бөгөт коюлат.

Кененирээк

Өлкөдө бокс академиясы курулат

Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиада курамасынын катышуусунда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун айтымында Кыргызстанда бокс академиясын ачууга жер бөлүнгөн. Долбоор даярдалган жана бекитилген. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө.Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча биринчи жолу Олимпиадага лицензияны мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алган. Ал Париж Олимпиадасында финалга чейин…

Кененирээк

Өрт коопсуздугун сактабаган курулуш компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте өрт коопсуздугун сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Белгилей кетсек, 12-августта Бишкектеги Анкара 3а дарегиндеги «Аалам Строй» ЖЧКсынын курулуш объектисинде өрт чыккан.Мамкурулуштун Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы өрт чыккан жерге кароо жүргүзүп, анын жыйынтыгында, курулуш компаниясына жазма буйрук берип, КР Укук…

Кененирээк

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Алардын бири Жазы дарыясында, экинчиси Кара-Дарыяда жайгашкан. Жалпысынан жолдун бардык тилкелеринде 300 адам иштеп жатат. Ошондой эле 92 атайын техника тартылган.

Кененирээк