БШК мүчөлөрүн кыскартуудан бюджеттен 2 млн сом сарамжалданат

Бул тууралуу ЖКнын комитет жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылы бир мүчөгө 585 миң сом кеткенин айтты. Натыйжада БШК мүчөлөрү 12ден 7ге чейин кыскарса бюджеттен 2 млн сомдон ашык каражат сарамжалданары айтылды. Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Кененирээк

2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүндү

Ош шаарынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп өттү.  “2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдө акча каражаттар бөлүндү. Кыргызстан боюнча эң көп каражатты 2025-жылы Ош шаарына 6,6 млрд сом бердик” – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев. МинКаб башчысынын айтымында 2025-жылы Ош шаарында 9 мектеп, 9 бала бакча жаңырды, 7 спорт, 2…

Кененирээк

Улуттук Банк кирешесин толугу менен бюджетке которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо 3 окууда жактырды. Мыйзамга ылайык, Нацбанк өз кирешесинин 100%ын көз карандысыз тышкы аудит тастыктагандан кийин республикалык бюджетке өткөрөт. Алдын ала эсеп боюнча, которула турган сумма 50 млрд сомго жакын болушу мүмкүн. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул каражаттар социалдык маанилүү чыгымдарды…

Кененирээк

ММК фондуна карата бюджет мыйзамы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2026-жылга карата негизги көрсөткүчтөр: Фонддун бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Соцфонддон түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

Кененирээк