Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды

Ак үйдө өткөн аземдин жүрүшүндө элчи кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Трамп элчини кызматка киришкени менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Кененирээк

Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды

Бул — АКШ президентинин акыркы 9 жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты. Трамп АКШ менен Кытайды алдыда “укмуштуудай келечек” күтүп турганына үмүт артарын билдирип, Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады. АКШ президенти…

Кененирээк

Трамп согушту токтотуу боюнча сунушка Ирандын жообун кабыл албады

Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди. “Мен азыр эле Ирандын “өкүлдөрү” делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!” — деп Truth Social соцтармагына жазды. Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран АКШнын тынчтык сунушун четке каккан. Алар демилге “ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет” деген пикирде….

Кененирээк

Дональд Трамп атышуу учурунда эмнеге дароо кетип калбаганын айтты

“Мен эмне болуп жатканын көргүм келди, бул жан сакчылардын ишин жеңилдеткен жок”, — деп ал CBS телеканалына берген маегинде билдирген. Ал эми вице-президент Джей Ди Вэнс атышуу башталары менен биринчи болуп эвакуацияланган. Жан сакчылар аны сахнадагы столдон күч менен алып чыгышкан.

Кененирээк

АКШда Трамптын саясатына каршы ири нааразылык акциясы өттү

Ишемби күнү Америка Кошмо Штаттарында президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын саясатына каршы жапырт нааразылык акциясы өттү. Уюштуруучулардын айтымында, үчүнчү жалпы улуттук акция «No kings» деген ураандын алдында өтүп, “АКШнын тарыхындагы эң ири акция” болуп калды. 50 штатта 3 миңден ашуун митинг жана демонстрациялар өттү. Акция АКШдан сырткары башка дагы ири шаарларда болду. Уюштуруучулардын айтымында,…

Кененирээк

Трамп менен Путин телефон аркылуу акыркы кырдаалдарды талкуулашты

Трамп Путинге телефон чалып, экөө Украина маселесин, Иран жана Венесуэладагы кырдаалды талкуулашты. РФ лидери Ирандагы жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча сунуштарын айткан. Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков, сүйлөшүү ачык жана конструктивдүү маанайда өткөнүн билдирди.

Кененирээк

Өзбекстан Газаны калыбына келтирүүгө салым кошот

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин жыйынында өлкөсү Газаны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошорун билдирди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ташкент анклав аймагында турак жайларды, бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды курууга катышууга даяр. Мирзиёев сөзүндө АКШ президенти жана Тынчтык кеңешинин төрагасы Дональд Трампка уюмдун биринчи саммитин чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Кеңештин…

Кененирээк

Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Горду кабыл алды

Тараптар кыргыз-америка мамилелерин, саясат, санарип технологиялар жаатындагы маселелерди талкуулашты. Жапаров соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Гор кезегинде АКШ Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен катар Кыргызстан “C5+1” (Борбордук Азия — АКШ) платформасынын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан…

Кененирээк

Трамптын рейтинги кайрадан Ак үйгө келгенден бери эң төмөн чекке түштү

АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын колдогон америкалыктардын үлүшү 38%га чейин төмөндөдү. Мындай жыйынтыкты Reuters жана Ipsos жүргүзгөн акыркы сурамжылоо көрсөттү. Бул — анын 2025-жылдын январында Ак үйгө кайтып келгенден берки эң начар көрсөткүчү. Январдын ортосунда Трампты колдогондордун деңгээли 41% болчу. Кыска убакытта рейтингдин төмөндөшү коомчулукта президенттин айрым чечимдерине нааразычылык күчөгөнүн айгинелейт. Сурамжылоого ылайык, негизги нааразычылык…

Кененирээк