Саламаттык сактоо министри иттердин таландысынан жабыркаган баладан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. 2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок. Ооруканага түшкөн…

Кененирээк

Бишкекте 29 жаштагы бейтап бөйрөгүн акысыз алмаштырды

Операция Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасалган. Бейтап 12 ай бою программалык гемодиализ алып келген. Ага бир тууган агасы донор болду. Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын январынан бери мамлекеттин эсебинен 41 кишинин бөйрөк алмаштырылган. Жалпысынан 2018-2026-жылдары борбордо 83 трансплантация болду.

Кененирээк

Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн ден соолук күнү» акциясы өтөт

Эртен, 2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасында 20-мартта жыл сайын белгиленүүчү Ооз көңдөйүнүн саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» аттуу акция өткөрүлөт. Акциянын алкагында Кыргыз Республикасынын стоматологдору төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:

Кененирээк

Балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна депутат Токтобүбү Ашымбаеванын мыйзам долбоору чыгарылды. Анда эне сүтүн алмаштыруучу аралашмалардын, бөтөлкөлөрдүн, соскалардын, эмизгичтердин жана ымыркайлар үчүн кошумча тамактардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда. Тыюу тикелей жарнамага гана эмес, окшош аталыш, таңгак, түс жана ураан аркылуу жүргүзүлгөн жашыруун жарнамага да тиешелүү болушу мүмкүн. Демилгечи мындай чараны балдардын туура эмес тамактануусу жана…

Кененирээк

Кыргызстанда жаныбарлар үчүн вакциналарды чыгаруучу жаңы завод куруу пландалууда

Эрлист Акунбеков бул демилге импортко көз карандылыкты азайтып, мал ооруларын көзөмөлдөөнү күчөтөрүн белгиледи. Долбоордун баасы болжол менен 10 млн долларды түзөт. Жаңы завод өндүрүштү кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Долбоор «Алтын Тамыр» компаниясы менен биргеликте ишке ашат. Азыркы учурда бул ишкана өлкөдөгү жалгыз биопрепарат өндүрүүчү болуп саналат жана продукциясын чет өлкөлөргө экспорттойт. Бул долбоор…

Кененирээк

Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин 200дөй Тез жардам унаасын сатып алат

Транспорттор Дүйнөлүк банктын каражатына алынарын министрдин орун басары Тилек Маматалиев билдирди. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы министрликке 35 млн доллар (25 млн доллары — грант) бөлгөн. Каражат өлкөдөгү лабораториялык кызматтардын ишин борборлоштурууга жумшалат.

Кененирээк

Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

“Анын ичинде ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз”, — деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Маматалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин 3 айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Маматалиев…

Кененирээк

Бишкекте Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курулат

Адылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырды Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна барып, мекеме үчүн жаңы имарат куруу зарылдыгын билдирди. Ал азыркы имарат менен лабораториялар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калганын белгиледи. Жыйынтыгында жаңы имараттын долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, керектүү жабдуулардын тизмесин түзүү жана каржылык эсептер…

Кененирээк

К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды

Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

Кененирээк

В гепатитине каршы эмдөө оң натыйжасын берүүдө

2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi — Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт. Жыйынтык — 2000–2020-жылдар аралыгында балдар арасында В гепатитинин оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарган. Бул өлкөдөгү профилактикалык…

Кененирээк