Алайда ишкерлер колдоого алынат

Алай районунда эл аралык уюмдардын, тышкы жана ички инвесторлордун, ишкерлердин жана өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын катышуусунда “Бизнес форум” болуп өттү. Иш-чарада бир катар бизнес долбоорлор тааныштырылып, атайын павильон көргөзмөлөр тартууланды. Мындан тышкары, ар кандай каржы уюмдарынын, анын ичинен Орус-Кыргыз, Венгер-Кыргыз, Азербайжан-Кыргыз, Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонддорунун башчылары, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси, «Жаңы Жибек Жолу»…

Кененирээк

Чүйдө корей салатын чыгарган ишкана жаңы техникалуу болду

Чүй облусунда корей салатын жасаган “Айджен Компани” ЖЧКсы компаниясы жакында Кытайдан заманбап техникаларды алып келишти. Бул компания күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүүгө жетишет.Аталган компаниядан чыккан продукция Кргызстандынын базарларынан сырткары Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.Бул компания өздөрүнүн аянты 9 гектарды ээлеген күнөсканасында керектүү сырьёну өндүрөт. Компания 10 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келсе, учурда 12 киши…

Кененирээк

Министрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу майларга салыктык жүктөмдү убактылуу төмөндөтүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ кабыл алынса, ал 2026-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат. Дизель майы үчүн максималдуу жеңилдиктер сунушталууда: КНСти 0%га чейин, акциз салыгын да тоннасына 0 сомго чейин түшүрүү каралган. АИ-92 бензини үчүн КНСти 8%га, акцизди тоннасына 5 000 сомдон 3 000 сомго чейин…

Кененирээк

Алай районунда европалык технология менен форель өстүрүлүүдө

2026-жылдын 12-майында Согонду айылы аймагындагы “Алай Тейит” балык чарбасында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө балык чарбасына форель балыгынын икралары Дания, Испания жана Турция мамлекеттеринен алынып келери аныкталды. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Европа өлкөлөрүнөн жана Иран…

Кененирээк

Чүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу «Бренд КГ» ишканасы ишке кирди. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул мындай продукцияны чыгарган алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Өндүрүштүк комплекс «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында жайгашып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ишкана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана импортту алмаштырууга багытталган. Келечекте продукцияны…

Кененирээк

3 жылда Бишкекти тегерете айланма жол салынат

Анын бир бөлүгү акы төлөй турган болот. Трасса үч бөлүктөн турат: Түндүк айланма (Канттан Кара-Балтанын жолуна чейин) бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет. Чыгыш айланма жол (Канттан Көк-Жарга чейин) — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, акча төлөп жүрөбүз. Түштүк айланма жол (Көк-Жар — Орто-Сай жана Байтик айылдары аркылуу Бишкек — Ош трассасына чейин). Бул…

Кененирээк

Төрт жылда 48 миңден ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түздү

Кыргызстанда «Социалдык контракт» программасы ишке киргенден бери мамлекет менен 48 миңден ашык үй-бүлө келишим түздү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жыйынтыгында 57 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жаран жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алды. Социалдык контракт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Программанын алкагында өз бизнесин…

Кененирээк

Түркия Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

Бул маселе Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен RHOFA Energy компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда каралды. Эми инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөр мамлекеттик органдардын башчылары менен талкууланат.

Кененирээк

Кыргызстан бала бакчаларга жана мектепке чейинки билим берүүнү реформалоого $6,36 млн тартат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Кеп $6,36 млн тууралуу болуп жатат, анын $4,36 млн насыя, дагы $2 млн грант түрүндө берилет. Каражат мектепке чейинки билим берүүнү…

Кененирээк

Кабмин Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти

Министрлер кабинети Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планын бекитти. Документке ылайык, борбор калаанын калкы 1,92 млн адамга чейин өсүшү мүмкүн, ошондуктан шаар коңшу калктуу конуштар менен агломерация принцибинде өнүгөт. Бишкек IT, креативдүү экономика, медицина, туризм жана жогорку технологиялык бизнеске басым жасайт. Шаар жогору карай өсөт: жеке сектордун үлүшү кыскарып, негизги курулуш көп кабаттуу үйлөргө…

Кененирээк