Урматтуу кесиптештер, майрамыңыздар менен!

Урматтуу кесиптештер жалпыңыздарды бүгүнкү Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!Маалымат айдыңында коомчулукта жүз берип жаткан кандай гана окуя болбосун аны ар бир адам адам үчүн жеткиликтүү кылууда салымыңыздар эбегейсиз экендиги талашсыз.Сиздердин кесибиңиздерге берилгендигиңиздер өлкөнүн маалымат жашоосунун мазмундуу болуусуна салым кошуп келет. Андыктан ар дайым көздөгөн багытыңыздардан тайбаңыздар. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Кененирээк

Президент телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!Телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун…

Кененирээк

Бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат

Өлкөдөгү бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Ошондой эле министрлик Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде “майыптыгы бар адамды тарбиячы уруп жатат” — деген өңүттө таркап жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.Министрликтин айтымында, бул видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер алмашылган.Эмгек,…

Кененирээк

Бишкекте кагаз чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Анда министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди. “Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу…

Кененирээк

Президент “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мезгил кутусун салуу аземинин алдында инвесторлор долбоордун концепциясына ылайык, жыл бою иштей турган комплекс эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай курулуп, ал эс алуу зонасы макамына ээ болоорун белгилешти. Долбоордун инвестициялык бюджети 191…

Кененирээк

Улан Примов: 40 мектепти оңдоп-түзөп, куруу үчүн кошумча каржылоо мыйзамы колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов тарабынан демилгеленген “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Анын алкагында 40 мектепти оңдоп-түзөө жана куруу каралган. Негизги каржылоо менен 10 мектеп, кошумча долбоордук каржылоого 30…

Кененирээк

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын маалымат базасы түзүлөт

Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары тууралуу жаңы электрондук маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Мигранттарга камкордук” пилоттук долбоорунун Жалал-Абад облусунда жыйынтыгын текшерип жатып билдирди. Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 6 айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет өлкөдө эмгектенген жарандар тууралуу маалыматтар чогултулган. Бүгүнкү күндө 6…

Кененирээк

Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Элечек ЮНЕСКОнун «Элечек аялзатынын касиеттүү баш кийими, салттуу билим, каада-салт, ырым-жырымдар» номинациясы боюнча маданий мурастар тизмесине катталды. Бул тууралуу ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз кабарлады. Тиешелүү чечим 4-9-декабрь күндөрү Ботсвананын Касан шаарында ЮНЕСКО комитетинин материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча 18-сессиясында бир добуштан кабыл алынган. Бул жылы сунушталган…

Кененирээк

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү

Бүгүн 6-декабрь, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду. Өлкө башчыны туулган күнү менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев , Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Түркмөнстандын өлкө башчысы Сердар Бердымухамедов, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо телеграммасын жолдошту. Анда өлкөлөр…

Кененирээк

Ташиев: ККМ чуусунун артында тургандар жоопкерчиликке тартылат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ККМ аппараттарына каршы болуп жаткан соодагерлер тууралуу пикирин билдирди. Ал өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылып, алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышаарын айтты. Бул тууралуу Ташиев УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди. “Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан,…

Кененирээк