Пенсиялык күбөлүк “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду

Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиялык күбөлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемесинде электрондук колдонуу үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Бул бардык керектүү документтерди смартфонуңузда кармоого мүмкүндүк берет. Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү…

Кененирээк

Каттам жабылды. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолун кайрадан кар көчкү бөгөдү

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда. Учурда министрликке караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат. Белгилей кетсек, 16-январга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү…

Кененирээк

“Жол акы 8 сомго туура келет”. Окуучуларга «Тулпар» картасы сунушталууда

Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат….

Кененирээк

Кыргызстанда биологиялык лаборатория курулат

Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго In vitro илимий-изилдөө жана өндүрүштүк биологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдиргендигин «Кабар» агенттиги жазып чыкты. Анын айтымында, КР президентинин жарлыгы менен «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы департаменттин 2023-жылдагы эң башкы жетишкендиги болду. «In vitro биологиялык лабораториясында микроклоналдык ыкма менен вируссуз…

Кененирээк

Косметикалык спрей алып кирбеңиз, күлкүңүз да ашыкча… Музейде эске алуучу жагдайлар

Музейдеги жүрүм-турум эрежелерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги токтолду. Төмөндө эске алуучу жагдайларга назар салыңыз. Музейге кирүү кийим илгичтен башталат. Анда тыш кийимдерди гана эмес, көлөмдүү сумка, баштыктарды, кол чатырды да калтыруу кажет. Тамеки тартууга, суу, тамак-аш, балмуздак, сагыз ж.б. алып кирүүгө тыюу салынат.Музей менен таанышууда көргөзмөнүн белгилүү бир бөлмөсүн же бир бөлүгүн…

Кененирээк

Ошто тумандан улам рейстер кармалууда

Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек — Ош жана Ош — Стамбул каттамдары жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда көрүнүү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт. Белгиленгендей, кетүү убактысы боюнча кошумча маалымат берилет.

Кененирээк

Боор оорусунун өнүгүүсүн жайлатат. Диетолог какаонун пайдасына токтолду

Какао антиоксиданттарга бай, бул бизди карылыктан коргойт. Ошондой эле инфарктты жана инсульттун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу диетолог Татьяна Залетова билдиргенин “Известия” басылмасы жазды. Адистин айтымында, жүрөк жана кан тамыр оорулары өнүккөн өлкөлөрдө өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Антиоксиданттарды камтыган башка азыктар сыяктуу эле, какао да бул ооруларды алдын алат. Азыктын курамында эс тутумду…

Кененирээк

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана…

Кененирээк

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды жана…

Кененирээк

Президент: сыйлык темасын кескин кыскартабыз

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилүүгө байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. Президент агенттиктин мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу узатылган суроосуна жооп берип жатып, мурда сыйлыктар сатылып келгени эч кимге жашыруун эместигин айтты. «Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ…

Кененирээк