Ошто аэропортко кетчү альтернативдүү жол жаңыланат

Калаа мэриясынын айтымында, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин болот. Эки тарабында тротуар жана жашыл аймак каралган. Бул Ош аба майданына алып барчу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылат.

Кененирээк

Өлкөдө батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыгарылып, турак жайларда чет өлкөлүктөрдү жайгаштырууга чектөө киргизүүнү камтыйт. Долбоорго ылайык, бир адамга кеминде 12 чарчы метр аянт туура келиши керек жана жакын туугандардан тышкары жалпы катталгандардын саны 10 адамдан ашпоого тийиш. Мындан тышкары, каттоону санарип форматка өткөрүү,…

Кененирээк

Зардалыга футбол аянтчасы курулуп жатат

Долбоор президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен каржыланууда. Баткен районунунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан Зардалы айылына буга чейин унаа жол салынып, электр жарыгы жана байланыш маселелери чечилилген.

Кененирээк

Министрлер Кабинети кесиптик орто жана жогорку билим берүү тармагына өзгөртүүлөрдү киргизди

Илим жана инновациялар министрлиги алдында «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» түзүлөт. Максаты чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну тартипке салуу жана ачык-айкын кылуу. Окууга кабыл алуудагы өзгөрүүлөр мектеп базасындагы абитуриенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Ал эми магистратура сыяктуу айрым программаларда дистанциялык жана сырттан окуу сакталат. Чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жана…

Кененирээк

АКШда Трамптын саясатына каршы ири нааразылык акциясы өттү

Ишемби күнү Америка Кошмо Штаттарында президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын саясатына каршы жапырт нааразылык акциясы өттү. Уюштуруучулардын айтымында, үчүнчү жалпы улуттук акция «No kings» деген ураандын алдында өтүп, “АКШнын тарыхындагы эң ири акция” болуп калды. 50 штатта 3 миңден ашуун митинг жана демонстрациялар өттү. Акция АКШдан сырткары башка дагы ири шаарларда болду. Уюштуруучулардын айтымында,…

Кененирээк

«Кыргыз кымызы» брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Джумабеков «Кыргыз кымызы» брендин коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, брендди мыйзамсыз колдонгондорго 10 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат,продукция конфискацияланат жана QR-кодсуз сатылган кымыз да мыйзам бузуу катары каралат. Ошондой эле жаңы ишканалар 3 жылга киреше салыгынан бошотулат жана жабдууларды импорттоодо КНС алынбайт. Максат — «Кыргыз кымызы»…

Кененирээк

Туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Статком бул былтыркы жылдын көрсөткүчү экенин, ал мурдагы жылдагыдан 8,1%га жогору экенин билдирди. Маалыматка ылайык, туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири болуп, ИДПдагы үлүшү 3,8%ды түздү. Жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жеткен. Учурда тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иштеп, жумуш орун түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда.

Кененирээк

Россия 1-апрелден тарта бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Чектөө бардык рынок катышуучуларына тиешелүү болуп, өкмөттөр аралык келишимдер боюнча жеткирүүлөргө гана уруксат берилет. Чечимдин негизги максаты ички рынокту камсыз кылуу жана баалардын өсүшүн токтотуу болуп саналат. Экспорттун өсүшү жана ички рынокко жеткирүүнүн азайышы бийликти кайра катуу чараларга барууга мажбур кылды. Эксперттердин айтымында, дүйнөлүк баалар жогору бойдон калууда, ошондуктан кескин арзандоо күтүлбөйт. Бирок биржада баалар…

Кененирээк

Казакстандан импорттолгон 25 тонна пияз артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечимине…

Кененирээк

Украина жакыр өлкөлөрдөн жалданма жоокерлерди тартууга өттү

Бул тууралуу Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдирди. «Булар кесипкөй аскер эмес. Колумбиялыктар менен бразилиялыктар акча табуу максатында макул болуп жатышат”, — деди ал. РФ Коргоо министрлиги буга чейин бир нече жолу Киев чет элдик жалданма жоокерлерди колдонуп жатканын билдирген. Акча үчүн согушка келгендер украин аскерлери абалды жакшы координациялай албаганын, аман калуу…

Кененирээк