АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкты

АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкканын Bloomberg билдирди. Чечим 27-январдан тартып күчүнө кирди — бул АКШ БУУга билдирүү жөнөткөндөн туура 1 жыл өткөндөн кийин ишке ашты. Келишимден чыгуу тууралуу жарлыкты президент Дональд Трамп 2025-жылдын январында инаугурация күнү кол койгон. Париж келишими глобалдык жылуулукту чектөөгө жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган. Андан чыгуу менен АКШ:…

Кененирээк

Трамптын рейтинги кайрадан Ак үйгө келгенден бери эң төмөн чекке түштү

АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын колдогон америкалыктардын үлүшү 38%га чейин төмөндөдү. Мындай жыйынтыкты Reuters жана Ipsos жүргүзгөн акыркы сурамжылоо көрсөттү. Бул — анын 2025-жылдын январында Ак үйгө кайтып келгенден берки эң начар көрсөткүчү. Январдын ортосунда Трампты колдогондордун деңгээли 41% болчу. Кыска убакытта рейтингдин төмөндөшү коомчулукта президенттин айрым чечимдерине нааразычылык күчөгөнүн айгинелейт. Сурамжылоого ылайык, негизги нааразычылык…

Кененирээк

АКШдагы бороон жашоо-шартты катаалдаштарды

АКШда катуу бороон, кар жана суук аба ырайынан улам 24 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Чыгыш аймактарда транспорт системасы дээрлик токтоп калды.  Табигый кырсыктын кесепетинен 1 миллионго жакын тургун электр жарыксыз отурат. Көптөгөн жолдор жабылып, коомдук транспорт иштебей калды.  Жекшемби күнү аба ырайына байланыштуу 10 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп, дагы 900дөн ашыгы кечиктирилди. Аэропорттордо миңдеген…

Кененирээк

Трамп АКШны ДСУдан чыгарды, бирок $260 млн карызын төлөгөн жок

АКШ 22-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ / ВОЗ) расмий түрдө чыгып кетти. Бул тууралуу АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги билдирди. Вашингтон уюмду каржылоону толук токтотуп, бардык кеңселерден жана штаб-квартирадан америкалык кызматкерлерин чакыртып алды. Bloomberg маалымдагандай, АКШ ДСУ алдындагы $260 млн карызын төлөбөй кеткен. Дональд Трамп ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка экинчи президенттик мөөнөтүнүн…

Кененирээк