«BELES» ата мекендик автобустарды чыгаруу долбоору убактылуу токтотулду
Кыргызстанда ата мекендик автобустарды чыгарууну көздөгөн «BELES» долбоору убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ОсОО Белес.kg компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Урмат Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу процессинде эл аралык стандарттарга шайкештик, техникалык талаптар, өндүрүштү терең модернизациялоо жана толук сервистик циклдин жоктугу сыяктуу олуттуу маселелер аныкталган. Бул кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча ири инвестициялар талап кылынары белгилүү болуп,…

