Өлкөдө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Кыргызстандын жаңы мамлекеттик катчысы болуп Арслан Койчиев дайындалды. Ага чейинки Марат Иманкулов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук…

Кененирээк

«Бишкек жакпаса, айылга же жайлоого барып жаша»-деген билдирүү талкуу жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Кабар” агенттигине курган маегинде реновация тууралуу айтты. Бул Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу программасы. Бул ишке сын айткандар көп экенин белгилеп, Бишкек борбор болгондон кийин жогору карай өсүшү керектигин билдирди. Анын “тыгынсыз, таза абада жашоону каалагандар…

Кененирээк

Өлкө башчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу катын жиберди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып…

Кененирээк

«Эмакомдун» күйүп кеткен батирлери толугу менен калыбына келтирилди

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясынын өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен батирлери Президенттин тапшырмасына ылайык толугу менен калыбына келтирилди. Ага ылайык бүгүн батирлерди ээлерине тапшыруу мааракеси болуп өттү. Мааракеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ныязбек Нурбаев жана жашоочулар катышышты. Мэр жашоочуларды жаңы конушу менен куттуктап, курулуш иштери өлкө башчынын тапшырмасынын…

Кененирээк

Өлкөнүн бардык аймактарында июнга чейин азык-түлүк саткан жарманкелери уюштурулат

Айыл чарба министрлиги бул аянтчаларда ишемби жана жекшемби күндөрү дыйкандар өндүргөн продукция элге түз жана жеткиликтүү баада сатыларын белгиледи. Ошондой эле министрлик негизги азык-түлүк боюнча тартыштык жоктугун, кор жетиштүү экенин кошумчалады. Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн расписание боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.  Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан…

Кененирээк

«Адахан» шахтасы урап, ичинде калган адамдар куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты. Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү…

Кененирээк

“Таң сыры” ыры кимге арналган?

“Таң сыры” кыргыздын жүрөгүндө эл-жерге, мекенге болгон сагынычтын гимнине айланган. Бирок аталган ырдын тарыхына токтолсок, ал башка өңүттө, тактап айтканда чет элге турмушка чыгып, кайра такыр башка тагдырда мекенге кайтып келген кыргыз кызына арналган.Бул ырды автор университетте окуп жүргөндөгү жоопсуз сүйүүсүнө арнап жазган. Анын сүйгөн кызы чет элдик жигитке турмушка чыгып,таңы салкын өлкөнү тандап кетет….

Кененирээк

Өлкөдө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-август күнү саат 16:14дө өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 2,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

«Тез жардам» унаасына жол бербеген айдоочуга айып пул салынды

Чүй облусунда «Тез жардам» кызматынын унаасына жол бербей, тоскоолдук жараткан айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Toyota Prius унаасын башкарган 46 жаштагы О.Н. аттуу айдоочуга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Ошондой эле ага жол эрежесин бузбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кененирээк

“Бейиш-эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Оскар” сыйлыгына “чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясына өлкөнүн атынан катыша турган тасма тандалып алынды. Ал режиссёр Руслан Акунга таандык “Бейиш-эненин таманында” аттуу кино болду.“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелисте өтөт.

Кененирээк