“Жоокерден Салам” берүүсү алкоого арзыды

“Ош Пирим” телерадиокомпаниясынын “Жоокерден Салам” автордук берүүсүнүн чыгармачыл тобу КРнын УКМК Чек ара кызматы тарабынан алкоого арзыды. Анда “Жоокерден Салам” телекөрсөтүүсү Чек ара кызматынын күжүрмөн-кызматтык ишмердигин кеңири чагылдырып, өлкөбүздүн коомчулугунда чек ара ведомствосунун позитивдүү имиджин калыптандырууга жигердүү салым кошуп жаткандыгын белгилешти. Эске сала кетсек “Жоокерден Салам” автордук берүүсүн ар жуманын ишемби кундөрү саат 21:00 дө…

Кененирээк

“Бышырган идиш күйүп, анын атынан аталган”. Түрк таттууларына дүйнө тамшанаарын билесизби?

Терең маданий мурасты жана жүздөгөн жылдык салтты чагылдырган түрк ашканасы бүткүл дүйнөгө таанылган. Албетте мындай атактуулуктун катарында түрк таттуулары да бар. Түрк десерттери өлкөнүн археологиялык жана маданий байлыгы катары көпчүлүктү кызыктырат жана көптөгөн туристтик гиддер түрк таттууларын “дүйнөдөгү эң мыктылар” тизмесине киргизет. Даамы жана назиктиги боюнча дээрлик ар бир даамга ылайыкталган түрк десерттери шаар тургундарынын…

Кененирээк

«4 тайпадан турган аялдар тобу машыгууда». Айылда чакан грантка аялдарга фитнес залы ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында аялдар үчүн фитнес залы ачылды. Бул тууралуу “Ош Пирим” сайтына Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу маалымдады. Маалыматка ылайык, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте “Айылдык ден соолук комитетинин” жетекчилери, Кашка-Суу Айылдык Кеңешинин депутаты Асылгүл Ажыбаева жана Алимбекова Эркингүл долбоорун жазышкан. Долбоордун сметалык баасы 1 млн 300 миң…

Кененирээк

“Жол акы 8 сомго туура келет”. Окуучуларга «Тулпар» картасы сунушталууда

Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат….

Кененирээк

ӨКМ: тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Ага ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайынын Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак…

Кененирээк

“Бүгүн 83 жашка чыкмак”. Р.Абдыкадыров тууралуу фактылар

Кыргыз музыка дүйнөсүнө обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров бүгүн көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Абдыкадыровдун бейнеси, чыгармалары тууралуу “Ош Пирим” сайты бир топ фактыларга токтолот. • Р. Абдыкадыровдун көзү өткөндөн 8 күндөн кийин 1994-жылы 20-сентябрында “Эл агартуунун отличниги”…

Кененирээк

Өткөн жылы «Кыргызкөмүр» ишканасы 1,3 млн. тонна көмүр казган 

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Негизи өткөн жылы 750 миң тонна көмүр казылуу пландалган. Маалымдагандай, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. «Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн…

Кененирээк

Өзгөн айланма жолунун алгачкы этабы башталды

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди. Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн…

Кененирээк

Өлкө аймагында жер титиреди

Кыргызстанда 5-январга караган түнү саат 00:51 де очогу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

«Дордой» клубуна башкы машыктыруучу дайындалды

Орусиялык адис Максим Лисицын «Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футболдук лигасынан билдиришти. Келишим бир сезонго каралган. Кыргыз футбол союзу менен макулдашуу боюнча, Лисицын Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын (U-23) башкы машыктыруучусу кызматында калат.

Кененирээк