Бүгүн билим берүү тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык акыларын ала башташат

Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө көптөн бери так жана табигый илимдер боюнча адистер жетишсиз болуп келет, ошондой эле математика боюнча функционалдык сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калууда. Ушуга байланыштуу мурда адистерди тартуу үчүн 20% теңдөө коэффициенти киргизилген, эми болсо коэффициенттер теңделип, бардык мугалимдерге колдонулат. Ал белгилегендей, буга…

Кененирээк

Саламаттык сактоо министри «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын административдик имаратына барды. «Кыргызфармация» МИнин административдик имаратка жайгашуусу ишкананын директору Акылбек Туратбек уулунун жетекчилиги астында ыкчам чечилип, кыска мөөнөттүн ичинде жамааттын ишин улантуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнү белгиленди. Сапардын жүрүшүндө министр жамааттын иш шарттары, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек…

Кененирээк

Саламаттык сактоо министри иттердин таландысынан жабыркаган баладан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. 2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок. Ооруканага түшкөн…

Кененирээк

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча жолугушуу өттү

Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчилиги, ошондой эле «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорунун алкагында курулуш аянттарында тоннелдерди казуу, жер иштери жана көпүрөлөрдү куруу уланууда. Бүгүнкү күнгө карата 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери бүткөрүлдү. Мындан тышкары, темир жол курулушу боюнча…

Кененирээк

К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды

Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

Кененирээк

Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди. Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн, Ош мамлекеттик университетин жана Москва мамлекеттик университетинин башкаруу багытын бүтүргөн. Буга чейин ал “ATS-Group” агроөнөр жай компаниясын жетектеп, жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр…

Кененирээк

Садыр Жапаров үч министрди кызматтан бошотту

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Кененирээк

Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды киргизген дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, жылдык 2 пайыз менен насыя берүүгө мамлекет тарабынан 1 миллиард сом каралды. Тамчылатып сугаруу системасы 20 миң гектардан ашкан жерге орнотулат деп пландалууда.

Кененирээк

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, 100 орундуу. Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 миллион сомду түздү. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4…

Кененирээк