Баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачылат

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды. Министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Көрсөткүч 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Аталган иш-чарада энелер өлүмүнүн өсүшү белгиленди. Былтыр 48 учур катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 35,4 %га жогору болгон. Министрдин айтымында, эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч.

Кененирээк

ММК фондуна карата бюджет мыйзамы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2026-жылга карата негизги көрсөткүчтөр: Фонддун бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Соцфонддон түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

Кененирээк

Эми жеке менчик медициналык ЖОЖдор мамлекеттик окуу жайлардын карамагында гана иштей алышат

Кыргызстанда билим берүү, илим жана саламаттык сактоо тармактарында жаңы талаптар киргизилди. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду. Документ медицина жана фармацевтика тармагындагы билим берүүгө коюлган талаптарды кыйла күчөтөт. Мыйзамга ылайык, медицина жана фармацевтика боюнча окуу программаларын ишке ашырган бардык билим берүү мекемелери милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш. Аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлар студент кабыл…

Кененирээк

Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда Нипах вирусу боюнча ооругандар аныкталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  Азыркы учурда вирус Индияда катталууда. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу көзөмөлдө.  Мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү:  -келген жарандардын саламаттыгы текшерилет  -транспортко санитардык көзөмөл жүргүзүлөт  -медкызматкерлер эрте аныктоо жана обочолонтуу боюнча нускама алышты.  Нипах вирусунун табигый булагы — жарганаттар. Жугуу жолдору: — жаныбарлар менен…

Кененирээк

Төлөйкөн айылындагы санаторийдин курулуш иштери улантылууда

Шаар мэриясынын малыматына ылайык, учурда курулуш иштеринин негизги бөлүгү аяктап, эшик-терезелер орнотулду. Сырткы фасаддык иштер толугу менен бүткөрүлүп, учурда имараттын ички жасалгалоо иштери улантылууда. Жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо мекемеси жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланууда.

Кененирээк

Индияда дарысы чыга элек Нипах вирусу чыкты

Индиянын Батыш Бенгалия штатында өлүмгө алып келиши өтө жогору болгон Нипах вирусунун очогу катталды. The Independent жазгандай, азырынча 5 адамдан вирус табылган, алардын арасында дарыгерлер да бар.  100дөн ашык адам карантинге алынып, бейтаптар Калькутта шаарындагы ооруканаларда дарыланууда. Бир адамдын абалы оор деп бааланууда.  Нипах вирусу жарганаттар аркылуу тарайт, адамга жаныбардан же жугуштуу тамак-аш аркылуу өтүшү…

Кененирээк

Өлкөдө мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл…

Кененирээк