Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн сом айып салынды

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигине караштуу Жалал- Абад регионалдык мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы кыш өндүрүүчү компанияларга пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталды.Аталган фактылар боюнча жазма буйруктар берилип КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пунктуна ылайык ар бир кыш өндүрүүчү заводго…

Кененирээк

Бишкекте жылдан-жылга таштанды көбөйүүдө

Бишкекте 7 айда 156 миң 290 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.Маалыматка караганда, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көбөйгөн.Белгилей кетсек, бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкта пландалууда.

Кененирээк

Баткен облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 28-августта саат 5:21де жер силкинип, анын күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок

Кененирээк

Ошто уурдоого шекетелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 18-август күнү Ош Эл аралык аэропортунан О. Э. аттуу тургунундун автоунаасынан алты жүз миң сом акча уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди. Бул факты  боюнча, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери башталган.Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка…

Кененирээк

Көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик көзөмөл киргизилет

15-сентябрдан тарта өлкө боюнча көмүрдүн баасына 90 күндүк убактылуу мамлекеттик көзөмөл салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мындай чечим көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, калкка жеткиликттүү камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому менен бекитилген социалдык…

Кененирээк

«Тез жардам» унаасына жол бербеген айдоочуга айып пул салынды

Чүй облусунда «Тез жардам» кызматынын унаасына жол бербей, тоскоолдук жараткан айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Toyota Prius унаасын башкарган 46 жаштагы О.Н. аттуу айдоочуга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Ошондой эле ага жол эрежесин бузбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кененирээк

Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек

Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.кыргыз…

Кененирээк

Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган. 260тан ашык илимий эмгектин,…

Кененирээк

Ош шаарында  №49 жаңы автобус каттамга чыкты

Бүгүнтөн тарта Ош шаарында жаңы №49 муниципалдык автобус каттамга чыкты. Түштүк калаа мэриясынан такташкандай, ал №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл схемасы өзгөрбөйт. Маршрут Мады аймагынын Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарынан Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт. Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт

Кененирээк

Кыргызстанда 24 саат бою унааларды каттоо пункту ачылат

Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалым болгондой, “Биримдик 24” бөлүмү учурда тесттик режимде иштеп жатат. Жакында бөлүм күнү-түнү иштей баштайт, бул керектүү кызматтарды каалаган ыңгайлуу убакта алууга мүмкүндүк берет.

Кененирээк