«Оскар» сыйлыгына талапкер тасма аныкталат

Бүгүн, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

Кененирээк

“Айыл Банк” Орусиядан акча которууларды токтотту

“Айыл Банк” коммерциялык банкы бүгүн, 22-августтан тарта Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу кардарлардын эсептерине жана карталарына акча которууларды токтотту. Бул тууралуу аталган банктын сайттында жарыяланды. Белгилей кетсек, 16-августтан баштап Мбанк Орусиядан акча которууларды токтоткон.

Кененирээк

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк келишимдери камсыздандыруу полиси менен гана жүргүзүлөт

Токтом  министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Документке ылайык, өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруусуз турак-жайды сатып алуу, сатуу жана ипотекага берүү мүмкүн эмес. Финнадзор белгилегендей, аймактардагы акыркы селдер үйдү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн эске салат. Республиканын ар бир регионунда жайгашкан жети филиалда камсыздандыруу кызматтары «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК тарабынан көрсөтүлөт. Мамлекеттик турак-жай камсыздандыруусу шаарларда — 1 миң 200…

Кененирээк

Өспүрүмдөр дүйнөлүк чемпиондукта оюнун жыйынтыктады.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду. Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту. Мелдеш улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн…

Кененирээк

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 өнөр жай ишканасы ачылат

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык Баткен облусунда 5, Ош облусунда 8,Чүй облусунда 13,Ыссык көл облусунда 3,Нарын жана Жалал-абадда 4,Бишкек шаарында жана Ош шаарында 2, Талас облусунда 1 өнөр жай ишканалары ачылат. Объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар. Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык…

Кененирээк

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү

Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.Эми тонировкага уруксатты Кыргызстандын жарандары 1 жылга 50 миң сом, юридикалык жактар 70 миң сом, чет өлкөлүк жарандар 90 миң сом төлөп алса болот. Мындай жаңы тартип 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Кененирээк

Өзгөндө 14 жаштагы кыз көз жарды

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарды.Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын тастыктаган маалыматына караганда, учурда эне-баланын абалы жакшы .Ош ОИИБнын басма сөз кызматы бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу жараны кармалып,…

Кененирээк

Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев көз жумду

Ардагер 1943-жылы согуш майданына чакырылып, 1950-жылга чейин Советтик армияда кызмат өтөгөн. Кийин айылына келгенде колхоздо кассир, мал ферма башчысы, курулушта бригадир болуп, комсомол уюмун жетектеген.Согуштагы эрдиктери үчүн орден, медалдар менен сыйланган.Бир уул, бир кызды тарбиялап, 15 небере, 50 чебере, 1 кыбыралуу болгон.

Кененирээк

10 эмес 5 балдык баалоо системасы сакталат

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган «Алтын казык» мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин Билим…

Кененирээк

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2 мектеп курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №125 Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районундагы №57 А.Өмүрзаков атындагы мектептин жаңы имараттарынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда. Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берип, электр энергиясын үнөмдөйт. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген мектеп…

Кененирээк