Кесип үйрөтүлгөндөрдүн 62% ишке орношту
2023-жылы 8 жарым миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.Мекеменин маалыматына караганда, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар:компьютер оператору;соода агенти;ашпозчу;косметолог;чач тарач;тырмак жасоочу;укалоочу;визажист;котормочу;1С билими бар бухгалтери;тигүүчү;айдоочу;электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехникаары багуучулук жана башка. Министрликтин маалыматы боюнча, окуудан өткөндөрдүн 62% ишке орношкон. Мындан тышкары,…

