Кыска мөөнөттүү бала бакчалар оюнчук, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалууда
Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү ачылып жаткан 560 бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар оюнчук, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалып жаткандыгын билдирди. Азыркы күнгө келип, 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап жүрүп жатат.Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу — 56, Жалал-Абад облусу — 85…

