Мектепте бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан окуучулар аныкталды
30-ноябрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан 3 окуучу аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары кармалган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган мектеп…
