Садыр Жапаров үч министрди кызматтан бошотту

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Кененирээк

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан алынды

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Кененирээк

Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди. Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт. “Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент. Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Элди экиге бөлүп-жарууга жол бербейм»

Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан “түндүк-түштүк бөлүнүүсү күчөшү мүмкүн” деген кооптонууларга жооп берип, өлкөдө аймактык ажырымга жол берилбей турганын билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берген. Анын айтымында, мындай бөлүнүүлөрдү саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн козутуп келген. 2021-жылдан бери аймактар аралык ротация жүргүзүлүп, акимдер менен соттор 100 пайыз алмаштырылган. Бул кадам бөлүнүп-жарылууну азайтууга өбөлгө…

Кененирээк

Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсү чет өлкөгө ординатурада окууга жөнөтүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги сынактын негизинде КММАнын 20 бүтүрүүчүсүн эң көп суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча чет өлкөдө ординатурада окууга тандап аларын билдирди. Бул тууралуу 14-февралда студенттер менен жолугушууда министрдин орун басары Бакыт Кадыралиев маалымдады. Программага катышуунун шарты катары адистердин Кыргызстанга кайтып келип, улуттук саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле клиникалык даярдоо жаңыланары айтылып, 3-курстан…

Кененирээк

Кыргызстанда жакынкы убакта тез төлөмдөр системасы ишке киргизилет

Бул тууралуу жолугушууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Медет Таиров белгилегендей, Кыргызстандагы банк сектору экономиканын ылдам өсүшүнүн шартында туруктуулугун сактап келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 коммерциялык банк иш алып барат. Банктардын жалпы…

Кененирээк

Ошто Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүндөгү көпүрөлөр оңдолууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчөлөрдө жайгашкан үч көпүрөнүн демонтаждоо иштери жеринде текшерилип, курулуш процессин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди. Шаар башчысы иштерди белгиленген мөөнөттө жана коопсуздук талаптарын…

Кененирээк

Дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль алды

Словениянын борбору Любляна шаарында Ljubljana European Open-2026 аттуу Европа кубогу өттү. Анда кыргызстандык Эрлан Шеров 90 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынды. Мелдеш 14–15-февраль күндөрү өттү. Ага 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

Кененирээк

Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алат

Мектеп окуучулары жазгы каникулда бир күн, 6-мартта гана эс алышат. Бирок 7-8-март дем алышка туура келип, ошону менен дүйшөмбүгө чейин окубайт. Мындан тышкары, 1-10-майдагы майрамдар да каникул деп көрсөтүлгөн, бирок анда мектептер, башка мекемелер сыяктуу эле иштебейт.

Кененирээк

Бишкектеги Спорт ордосу толугу менен реконструкцияланып, инфраструктурасы кеңейтилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кожомкул атындагы Спорт ордосуна барып, аны терең заманбапташтыруу планын иштеп чыгууну тапшырды. Оңдоо учурунда имараттын фасадынын тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулат, ошону менен бирге ички бөлмөлөр спортчулардын жана шаардыктардын заманбап муктаждыктарына толугу менен ылайыкташтырылат. Жыйында тармактык мекемелердин жетекчилери инженердик тармактарды жана залдарды жаңылоонун этаптарын талкуулашты. Долбоор ошондой эле заманбап…

Кененирээк