Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталат

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Жарыштын биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн төмөнкү кыргыз балбандары чыгат: Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш…

Кененирээк

Кыргызстан үч өлкө менен энергетиктерди даярдоо борборун түзүүнү көздөп жатат

Казанда өткөн энергетикалык форумда Электр тармактары ишканасы менен «Сетевая компания» (Татарстан) ортосунда келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстан Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда биринчи жолу электрди өчүрбөй туруп иштөөнү үйрөтө турган атайын борбор ачылат. Бул борбор Кыргызстанды электроэнергетика тармагында билим берүүчү хаб катары бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоор ошондой эле электр энергиясын өчүрүүнүн санын жана узактыгын кыйла…

Кененирээк

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өттү

Иш-чарага райондун алдыңкы малчылары, фермерлери жана тармактын адистери катышып, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого алышты. Көргөзмөнүн алкагында кочкорлордун сапаты, тирүүлөй салмагы, тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал өстүрүүдөгү жаңы ыкмалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү саясатынын…

Кененирээк

Мунарбек Сейитбек уулу эл аралык мелдеште чемпион болду

Кыргызстандын бокс боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Анда мушкер 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди…

Кененирээк

Кыргызстанда АЭС куруу чечими жарандардын катышуусунда кабыл алынат

Амангелдиев АЭС маселеси референдумга чыгышы мүмкүн экенин айтты. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары бул багытта “Росатом” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок алгач тиешелүү инфраструктура түзүлүп, адистер даярдалышы зарыл экенин билдирди. Ошондой эле АЭС куруу маселеси сөзсүз түрдө жалпы элдик референдумга чыгарылары айтылды.Амангелдиев энергетика экономиканын негизги кыймылдаткычы экенин белгилеп, өлкөнүн өсүшү жаңы энергия кубаттуулуктарын талап…

Кененирээк

Тогуз-Тородо жерди мыйзамсыз ээлеп алууга айыпталып чет элдик адам кармалды

УКМК чет өлкөлүк адам жетектеген «Аврора-Тур» ЖЧКсы 10 сотых жерге уруксат алып, 3,58 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алганын кабарлады. Жерге тиешелүү документтери жок эле шагыл казууну, майдаланган таш өндүрүүнү уюштурган. Мунун натыйжасында мамлекетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Атайын кызмат Л.Ж.Ж. аттуу чет элдик убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана ишке тиешеси бар башка адамдар…

Кененирээк

Бишкекте акыркы төрт жылда скутер жана мопед катышкан жол кырсыктары 12 эсеге өстү

2025-жылы борбор калаада скутерлер катышкан 682 жол кырсыгы катталып, 756 адам жаракат алып, 14 адам каза болгон. Бул көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу кыйла жогору. Бул тууралуу скутер, мопед жана жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары үчүн жол коопсуздугу боюнча өткөн форумда айтылды. Скутер айдоочулары:2022-жыл — 55 жол кырсыгы, 62 жаракат алган, каза болгондор жок;2023-жыл — 68 жол кырсыгы,…

Кененирээк

Садыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров «Трансулуттук «Дастан» корпорациясы» ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышып, учкучсуз аппараттарды өндүрүүнү ишке киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Сапардын жүрүшүндө ал ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктарын жана атайын продукция чыгаруучу линияларын көрүп чыкты. Маалыматка ылайык, бул демилге өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга багытталган. Ошондой эле ишкананы мындан…

Кененирээк

Кыргызстанда эмки жылдан тарта пластик баштыктарын колдонууга тыюу салынат

Кыргызстанда 2023-жылдан тарта экология тармагында, өзгөчө таштандыларды кайра иштетүү боюнча ири реформалар жүргүзүлүүдө. Адистердин айтымында, эки негизги мыйзам кабыл алынган: “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” «Пластик жана полимер буюмдарды чектөө» тууралуу мыйзам. Алгач бул мыйзамдар Ысык-Көл облусунда ишке кирип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча пластикке толук тыюу салуу пландалууда. Экологдор пластикти…

Кененирээк

Парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин иши жандандырылды

Төрага Марлен Маматалиев акыркы үч жылда бул кеңештин иши дээрлик токтоп калганын айтып, эми аны активдештирүү чечими кабыл алынганын билдирди. Жыйында парламент менен бизнестин кызматташуусу, текшерүүлөргө убактылуу мораторий жана көзөмөл органдарынын ишин өзгөртүү маселелери талкууланды. Жакынкы мезгилде Жогорку Кеңеш ишкерлердин укуктарын коргоо, административдик басымды азайтуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кайра иштетүү тармагын колдоо боюнча мыйзам долбоорлорун…

Кененирээк