“Ата-Бейитте” апрель окуяларында курман болгондор эскерилди

2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Кененирээк

Саламаттык сактоо министри менен Түркиянын Элчиси медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары…

Кененирээк

Кыргызстан хоккейди жеңиш менен баштады

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнда Болгарияны 5:3 эсебинде жеңди. Бул турнир Кыргызстан үчүн тарыхый болуп эсептелет, анткени команда биринчи жолу IIB дивизионунда ойноодо. Чемпионат 6–12-апрель күндөрү София шаарында өтүп жатат.

Кененирээк

АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты. Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген. Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы…

Кененирээк

Барскоон — Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон — Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мекемеси түзүлдү. Министрлер кабинетинин тескемеси менен анын башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды. Жаңы дирекция жол куруу долбоорун координациялап, каржылык каражаттардын пайдаланылышын камсыз кылып, техникалык, экологиялык жана социалдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Узундугу болжол менен 150 чакырым болгон…

Кененирээк

Кыргызстан жөнөткөн 7 фура гумжардам Иранга жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Серахс шаарына жеткенин кабарлады. Аны кабыл алуу иштери 7-апрелде бажы процедуралары аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Эске салсак, 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек жүктөлгөн 7 фура 3-апрелде Кыргызстандан жөнөп кеткен.

Кененирээк

Жалда терезеден кулап түшкөн наристенин абалы оор

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн төрт жашар кыздын абалы өтө оор экенин билдирди. Министр Дамир Осмонов ал жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барып, абалы менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, наристенин баш мээси жабыркаган, астыңкы жаагы сынган, оң колунун ийин сөөгү сынып, ордунан жылып кеткен. Мындан тышкары…

Кененирээк

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат

“Под ключ” салынган үйлөр жашоо-шарты начар жалгыз бой 100 энеге берилет. Бул тууралуу бизге Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов билдирди. “Айыл өкмөттөн 3 гектар жер бөлүп бергенбиз. Үйлөр кайрымдуулук фонду тарабынан 170 млн сомго курулуп жатат. Бардык шарты, эмереги менен болот. Буюрса, жайында берилет”, — деди район жетекчиси. Ал ошондой эле социалдык шаарчада кичи стадион,…

Кененирээк

Студенттерге дипломдук иштин ордуна стажировка өтөө сунушталууда

Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттердин жыйынтык аттестациясынын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Негизги өзгөрүү:— Дипломдук иштин ордуна 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) киргизилет,— Практиканын жыйынтыгы жалпы аттестацияга кошулат. Практика учурунда студенттер бизнес-план, стартап же колдонмо долбоор даярдай алышат. Чиновниктердин айтымында, бул ыкма бүтүрүүчүлөрдү реалдуу жумушка жакшыраак даярдайт. Мындан тышкары, жаңы эреже боюнча:— Эгер…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы мыйзам даярдалууда

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр казуучу жана экспорттоочу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анда тармактагы системалуу реформалар талкууланып, бизнес өкүлдөрү даярдаган жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Документ салык салууну жөнөкөйлөтүүнү, иш механизмдерин ачык-айкын кылууну жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Жыйындын жыйынтыгында МСК жана «Кыргыз Көмүр» ААКнын адистери долбоорду карап чыгып, сунуш-пикирлерин даярдап, андан соң…

Кененирээк