Монополияга каршы кызмат социалдык маанилүү товарлардын кымбаттап жаткан себептерин атады

Мекеменин маалыматына караганда, баалардын өсүшүнө төмөнкү факторлор таасир этүүдө. ▪️Логистика — чийки затты жана даяр продукцияны ташуу чыгымдары ▪️Валюта курсунун импорттук товарлардын баасына таасири ▪️Өндүрүштүк чыгымдар — электр энергиясы, жабдуулар, материалдар жана жумушчуларга кеткен каражат ▪️Айрым товарларга болгон мезгилдик суроо-талаптын көбөйүшү. Социалдык маанилүү товарларга ун, сүт азыктары, эт, балык, дан азыктары, жумуртка, жашылчалар, көмүр, бензин жана айыл чарба товарларынан жер…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды. Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА Кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин…

Кененирээк

Кышта электр энергиясына чектөөлөр болбойбу? Министр жооп берди

Алтынбек Рысбековдун айтымында, кышка даярдык боюнча пландалган иштер толугу менен аткарылууда. Учурда электр энергиясын пландуу өчүрүү же керектөөгө чектөө киргизүү каралган жок. Бирок министр өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин белгиледи. Аны жабуу үчүн быйыл 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын импорттоо пландалган. «Абал таңкы жана кечки эң жогорку керектөө маалында татаалдашы мүмкүн. Бул учурда…

Кененирээк

АКШ Россиядан дизель майын сатып алууга каршы мыйзам долбоорун сунуштады

АКШ Конгрессине президент Дональд Трамптын Россиядан дизель майын сатып алуу боюнча келишимине бөгөт коюуну көздөгөн мыйзам долбоору киргизилди. Демилгенин максаты — Россиянын дизель майын сатып алууга жана импорттоого уруксат берген келишимди токтотуу. Конгрессмен Грегори Микстин айтымында, бул келишим Ирандагы согуштан улам америкалыктар тарткан чыгымдарды азайтпайт. Мыйзам долбоорунда АКШнын Каржы министрлиги 9-октябрда чыгарган лицензияны жокко чыгаруу…

Кененирээк

Президент жаңы авиакомпанияларды каттоого киргизилген мораторийди алды

Мораторий 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө болчу. Ал коопсуздукту көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин алынды. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 6 авиакомпания иштеп жатат. Ал эми дагы 15 авиакомпаниянын сертификаттары жокко чыгарылган. Жарлык расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кененирээк

БШК үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

19-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев,…

Кененирээк

Ошто шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионаты башталды

Бүгүн, 16-октябрда башталган мелдешке Азиянын 11 өлкөсүнөн 74 шахматчы катышууда. Эркектер менен аялдар 50 жаштан жогору жана 65 жаштан жогору курактык топко бөлүнүп күч сынашат. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан бул чемпионат 25-октябрга чейин уланат.

Кененирээк

Расмий жумушсуз адамды ишке алгандарга 150 миң сомдон берилет

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан демилгеде 5 адамга чейин чектөө бар. Мисалы, 5 жумушсуз адамды иш менен камсыздаса, мамлекет 750 миң сом берет. Мындан ашканына колдоо каралган эмес. Ишкер алган каражатын бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды же техникаларды сатып алууга гана жумшашы керек. Башка максатта колдонууга болбойт. Иш берүүчүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт жана жогору айлык сунушташы…

Кененирээк

Төө-Ашуу аркылуу кичи автобустардын эл ташыганына тыюу салынды

Убактылуу чектөө 15-октябрдан 2027-жылдын 15-майына чейин күчүндө болот. Бул чара кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды алдын алуу үчүн киргизилди.

Кененирээк

Акыйкатчы институту 2027-жылды майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жылы деп жарыялоону пландап жатат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Ал бул көйгөйдү Курулуш министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Агартуу министрлигине жана Бишкек мэриясына бир нече жолу билдиргенин айтты. Депутаттын белгилешинче, шаардык инфраструктура талапка жооп бербегендиктен, майыптыгы бар адамдардын жүрүп-турушу кыйын. Бул көйгөй улгайган адамдарга жана кичинекей балдары бар энелерге да тиешелүү. Акыйкатчы…

Кененирээк