КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Орусия 2027-жылга план бекитти

15-октябрда Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Анын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов 2027-жылга карата аскердик кызматташтык планын бекитишти. Тараптар аскерлердин күжүрмөн даярдыгын, аскердик билим берүүнү, тажрыйба алмашууну жана аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулашты. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышты. Анда учкучсуз аппараттарды жана…

Кененирээк

Кыргызстанда орточо айлык 55 миң сомду түздү

Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал өлкөдө январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп.

Кененирээк

Садыр Жапаров Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышып жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди. Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Кененирээк

Бишкектеги Спорт сарайынын айрым бөлүктөрү бузулушу ыктымал

Мэр Айбек Жунушалиев Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын абалын текшерди. Имаратта нымдуулук жогорулап, конструкциялар эскирген. Инженердик системалар менен желдетүүнү жаңылоо пландалууда, бирок имараттын айрым бөлүктөрүн реконструкциялоо же бузуу маселеси Шаар куруу кеңешинде каралат. Мэр тарыхый элементтерди сактап калууну тапшырды.

Кененирээк

Кыргызстандын президенттигине биринчи расмий талапкер чыкты

Аймен Касенов 2021-жылдагы президенттик шайлоого да катышып, добуштардын 1%дан азыраагын алган. Ал жеке компанияларда иштеп, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. Талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат.

Кененирээк

Эрте никеге туруу дагы эле чоң көйгөй бойдон калууда — Акыйкатчы

Кыргызстанда мыйзамдык тыюуларга карабастан, эрте никеге туруу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын маалыматына ылайык, айрым аймактарда сурамжыланган окуучулардын 52%га чейини өз чөйрөсүндө эрте никеге туруу учурларын, ал эми 40%дан ашыгы эрте кош бойлуулук учурларын билерин билдирген. Мониторинг Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарында жүргүзүлгөн. Жаманбаеванын айтымында, кыздарды турмушка берүү чечимин көп учурда алардын…

Кененирээк

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиясы жогорулатылат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги студенттердин стипендиясын көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жогорулатуу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим алган студенттерге, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларында окугандарга тиешелүү болот. Жаңы өлчөмдөр 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта колдонулат. Министрлер кабинетине 2027–2029-жылдардын республикалык бюджетинде зарыл каражатты кароо тапшырылды. Стипендиялар канча сомго көбөйөрү азырынча…

Кененирээк

Садыр Жапаров УКМК мамлекетке алып койгон заводду кайра кайтарып берүү боюнча тапшырма берди

Сөз Кызыл-Кыядагы консерва чыгарган завод тууралуу болууда. Өлкө башчынын Кадамжай жана Кызыл-Кыянын тургундары менен жолугушуусунда аталган заводдун жетекчиси 1978-жылдан бери өндүрүштү иштетип келгенин, чыгарган товарынын көбү Россиянын Саха Республикасына жөнөтүлүп турганын айтты. Бирок былтыр октябрда завод мамлекетке өтүп, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына берилген. Андан бери жамаат чачырап, өндүрүш токтоп калган.  Садыр Жапаров мамлекет жеке колдорго арзан сатылып кеткен,…

Кененирээк

Мамлекеттик циркке жетекчи болуп казак жараны дайындалды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Өлкө башчы жаңы жетекчиге цирк баштан-аяк оңдоп-түзөөдөн өтүп, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө бардык шарт түзүлгөнүн айтты. Бирок буга карабастан жамаат ичинде ызы-чуу токтобой койгонун белгилеген. Маданий жай ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, үй-бүлөлүк…

Кененирээк

Беларуста ЖККУнун машыгуулары башталды

Анын жүрүшүндө радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо жана медициналык камсыздоо түзүмдөрү биологиялык коркунуч булактарын жоюуну машыгышат. Иш-чараларга 1,5 миңден ашык аскер кызматкери жана 300дөн ашык атайын техника, анын ичинде ар кандай типтеги 80ге жакын учкучсуз учуучу аппарат тартылган.

Кененирээк